Түрк басма сөзү 14.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

190109
Түрк басма сөзү 14.11.2014


«Хабер түрк» гезити «Түркиянын жеңиши!» аттуу кабарында Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обаманын ИШИМ менен күрөшүүдө жаңы Сирия стратегиясын карап чыкканы белгиленген.
CNN ортого салган маалыматтарга караганда Обама ИШИМдин жеңилиши Асаддын кулатылышы менен мүмкүн болоорун ойлоно баштады. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Түркия көп убакыттан бери Асад режиминин Сирияда болгондордун жооптуусу экендигин жана Сириянын ырааттуулукка жетишинин Асаддын кулатылышы менен мүмкүн болоорун айтып келет.
«Сабах» гезити «Түркияга мунай заттан түшүүчү пайда» деген маалыматында мунай зат бааларынын 4 жылдын аралыгында эң төмөн деңгээлге түшүшү Түркиянын пайдасына алып келе турганын белгилеген.
Гезит эсеп кысап таңсыктыгы 40 миллиард долларга азайып, инфляция болсо 1 балл азая турганын маалымдаган. Бул күтүү Түркияга чет өлкөлүк инвесторлрдун кызыгуусун да арттырды. Societe Generale кечээ жарыялаган анализинде мунай заттагы баа төмөндөөсүнүн Түркия экономикасына бир жылда 1 пайыздан жогору салым кошо турганын белгилеген. Эл аралык Энергетика агенттигинин башкы экономисти Фатих Бирол да мунай зат бааларындагы төмөндөөнүн Түркияга 1-2 жылдай киреше алып келе турганын айтты.
«Йени шафак» гезити «Түркиянын IMFтеги добуш күчү жогорулады» деген маалыматында Эл аралык валюта фондунун аткаруу директорлугу кызматын өткөрүп алган Ибрахим Чанакчынын бул кызматтын Түркиянын эл аралык аренадагы көрүнүшү жагынан маанилүү ийгилик болгонун баса белгилегенин жазган.
Гезит Чанакчынын: «Түркия аткаруу директорлору кеңешинде түздөн-түз өкүлдүк кылуу менен бирге глобалдык экономикадагы өнүгүүлөрдү да жакындан байкап, бул өнүгүүлөргө дагы активдүү багыт берет»-дегенин баяндаган.
«Хүррийет» гезити «Ракка «жасалма бычак» аттуу кабарында Самсунда рак менен ооруган оорулуулар Билим берүү жана илимий изилдөө ооруканасынын Онкология бөлүмүндө колдонулган жана Түркияда 10 даана болгон «Cyberknıfe» аппараты менен дарыланып жаткандарын жазган.
Гезит Самсундун Билим берүү жана изилдөө ооруканасынын башкы доктурунун орун басары, адис доктор Өзден Караогланоглу бул аппарат менен 4 см тереңдиктеги шишиктерге абдан курч чектер менен нур чачкандарын белгилеп, оорулууга хирургия жолу менен жасала турчу операцияны аппаратыбыз жасап жатат. Ушул убакка дейре 135 оорулуу айыкты»,-дегенин баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар