Түрк басма сөзү 12.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

187699
Түрк басма сөзү 12.11.2014

«Хабер түрк» гезити «Министр Бозкырдын жарыясы» аттуу кабарында Европа Биримдиги боюнча министр Волкан Бозкыр Брюсселде Европа Биримдигинин АКШ менен «Трансатлантикалык» келишиминин Бажы Биримдигине кандай таасир тийгизе турганын түшүндүрүп: «Бажы Биримдиги аркылуу учурда 150 миллиард евролук соодадан сөз кылынууда ЕБ менен... Европа Биримдиги үчүнчү өлкөлөр менен келишим түзгөн учурунда мунун түздөн-түз Түркияга да автоматтык түрдө ишке ашырыла турганы жөнүндө берене коюлбаптыр. Коюлушун талап кылганбыз. Андай болбосо Түркия базарларын АКШнын товарларына эч салыксыз ачууга аргасыз болот. Жылда 2,5-3 миллиард доллар уттуруубуз болот. Бажы Биримдигин бир топко токтотуп коюу сыяктуу мажбурдуулугубуз болуп калышы мүмкүн»-дегенин баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Дин иштери башкармалыгы Латын Америка менен байланышууда» деген маалыматында Дин иштери башкармалыгы өлкөбүздүн дин билимин берүү жана кызматтарындагы тажрыйбаларын Латын Америка өлкөлөрүндө жашаган мусулмандар менен бөлүшүү үчүн Латын Америка өлкөлөрүнүн мусулман диний лидерлеринин 1-жыйынын өткөрүп жатканын жазган.
Гезит жыйналышка Бразилия, Аргентина, Мексика, Чили, Уругвай, Куба, Колумбия сыяктуу 40 Латын Америка өлкөсүнөн 75 мусулман аалым Стамбулда жолугушуп, аймактагы мусулман азчылыктар менен туруктуу жана улантылгыдай байланыштарды курууну максаттаганын маалымдаган.
«Акшам» гезити «Жанкуртаран тоннелинин ачылаарына аз калды» деген кабарында Карадеңизди Иранга кошкон Жанкуртаран тоннелин казууда акырына жетилгенин белгилеген. Гезит Түркиянын эң узун тоннелин казуу иштеринде 70 пайыз бүтүрүлгөнүн, 2015-жылдын акырында ачылышы болоорун жазган. Гезит Артвиндин губернатору Кемал Жириттин бул проекттин 5 миң 200 метр узундуктагы Түркиянын эң узун автожолу тоннелдеринен бири боло турганын айтканын баяндаган.
«Сабах» гезити «Халебден качуулар ылдамдады» аттуу кабарында Сирия согушунун чечүүчү шаары Халебде жашагандар жандарын сактап калуу үчүн жолго чыгышканын белгилеген.
Гезит шаарды Асад режиминин курчоого алуусунан кийин оппозициячылдар кыйын абалда калганда көч толкунунун биринчи белгилери көрүнө баштаганын маалымдаган. Халебде жашаган сириялыктар аман калыш үчүн кача баштагандарын жазган гезит, бир канча буюмун алып качкан качкындардын Түркияга өтүүгө аракет кылагндарын билдирген.
«Стар» гезити «Түркия-Бразилия беттешүүсү бүгүн кечинде» аттуу кабарында А улуттук курама команда атайын мелдеште Бразилияны тосуп алаарын жана Фенербахченин «Шүкрү Сарачоглу» стадионунда Түркия убактысы боюнча саат 20:30да баштала турган оюнду Өзбекстандын Футбол федерациясынан Равшан Ирматов башкара турганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар