Түрк басма сөзү 9.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

186359
Түрк басма сөзү 9.11.2014

«Сабах» гезити «Европа Биримдиги, Палестина мамлекет болушу керек» аттуу кабарында Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Федерика Могхерининин Газа сапарында дүйнөгө Палестинанын мамлекет катары таанылышы үчүн чакырык салганын баяндаган.
Гезит ондогон Европа өлкөсүнүн Палестинаны тааныш үчүн даярданып жатканын баяндаган.
«Стар» гезити «Израилдин БУУда таякелери бар» аттуу маалыматында Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуштун: «47 жыл өткөн соң Израиль аскерлери ошол кирдүү ботинкалары менен Месчид-и Аксага киришти. Бүткүл дүйнө карап турат жана эч нерсе кылынбайт көрөсүздөр. Анткени адамдар ишенишет. БУУнун коопсуздук кеңешинде Израилдин таякелери бар»,-дегенин берген.
«Йени шафак» гезити «Кылмышты мактоо» деген кабарында АКШнын башкы штаб төрагасы 490 палестиналык бала кырылган жана 51 күнгө созулган Газа кол салуусу үчүн, «Израилдин жарандарга карай кылдаттыгы мактоого арзырлык»- дегенин баяндаган.
Гезит «Алардан сабак алыш үчүн командамды жибердим»-деген генерал Мартин Дэмсинин жарыясынын израилдиктерди да таң калтырганын маалымдаган.
«Акшам» гезити экономика барагында «Аспир өсүмдүгүн өндүрүүдө рекордго баратабыз» аттуу кабарында Түркиянын тамак ашка кошулуучу май өндүрүүдө, азык-түлүк, химия, косметика өнөр жайында жана биодизел өндүрүүдө колдонулган аспир (Carthamus tinctorius) өндүрүүдө максатын жогорулатканын белгилеген.
Гезит 2002-жылы 25 тонна болгон аспир өндүрүүнүн 2013-жылы 45 миң тоннага жеткенин белгилеген. Кабарда быйыл 76 миң тоннналык өндүрүү божомолдонгону маалымдалган.
«Ватан» гезити «Кесиптердин жарымы жок болот» аттуу маалыматында дүйнөдө 220 адис, башкаруучу жана жаш демилгечилер тарабынан даярдалган "келечектеги иштер жана ишканалар» (The Future of Work and the Workplace) аттуу отчеттун жасалма ой-жүгүртүүнүн өнүгүүсү менен ушул убакта биз көрүп жаткан кесиптердин жарымынын жок боло турганын божомолдогонун белгилеген.
Гезит отчетко ылайык 2025-жылы кардар тейлөө жана орто деңгээлдеги башкаруучулардын абалдарынын жасалма ой-пикирдин өнүгүүсүнөн эң көп терс таасир алган кесиптер боло турганын белгилеп, бул кызматтагы адамдардын ордун компьютерлер ээлей турганын маалымдаган. Кабарда 2030-жылы турак жай алып сатуулар толугу менен online түрүндө актарыла турганы белгиленген.
«Хабер» түрк гезитинин спорт барагында чыккан, «Каратэде эки чемпиондук» аттуу кабарында, Германияда өткөрүлгөн 22-Дүйнөлүк Каратэ чечмпиондугуна Түркия тамгасын бастырганын билдирген.
Гезит аялдар арасында кумутэ 50 кг салмакта Серап Өзчелик, эркектерде болсо +84 кг салмакта Энес Эркандын Дүйнө чемпиону болгонун маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар