Түрк басма сөзү 6.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

183319
Түрк басма сөзү 6.11.2014

«Акшам» гезити «Эми жаза турган апаат сценарийлери калган жок» аттуу кабарында экономика министри Нихат Зейбекчинин «2002-жылга чейин Түркияга келген түздөн-түз чет өлкөлүк инвестиция 14 миллиард доллар.Ушул убакта бул сан 150 миллиард долларга жетти. Бул инвестициянын 70 пайызы Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн келүүдө»,-дегенин жазган.
Гезит Зейбекчинин кризис бүткүл дүйнөнү жайпап жаткан мезгилде Түркиянын 12 жылдан бери орто эсеп менен жыл сайын удаама-удаа 5,1 пайыз өсүү көрсөткөнүн сөз кылганын баяндаган.
«Стар» гезити «Мунай зат согушунда 13 миллиард доллар чөнтөктө» деген кабарында Сауд Арабстандын баа төмөндөтүшү жана Кытайдын көрсөткүчтөрүнө караганда 81 доллар менен 4 жылдын эң төмөнкү баасына түшкөн мунай зат бааларынын келип жеткен деңгээли Түркиянын энергетика чыгымын азайтааарын белгилеген. Мунай затта 4,5 айдагы 33 доллардык төмөндөөнүн Түркияга жылдык кирешеси 13 миллиард доллар болот.
«Йени шафак» гезити «Кара деңизди өнүктүрө турган проект» аттуу кабарында Орду областынын Гүлйалы районунда деңиздин үстүнө таш толтуруп салынган дүйнөнүн үчүнчү, Европанын жана Түркиянын алгачкы аэропорту болгон Орду-Гиресун аэропортунун инфраструктурасы менен бирге бардыгы 290 миллион түрк лирасына бүтүрүлө турганын жана аэропорттун 2015-жылдын март айында тейлөөгө кириши максатталганын белгилеген.
«Хүррийет» гезити «5 айлык балага ангиома жасалды» аттуу маалыматында Памуккаленин университеттик ооруканасында туулгандан тартып жүрөк оорусу болгон 5 айлык бала, ангиома жасалгандан кийин ден-соолугу оңолгонун белгилеген. Операция туурасында маалымат берген проф. Долунай Гүрсес: «Тубаса жүрөк ооруларынын анализи жана дарыланышында ангиография абдан маанилүү. Бөлүмүмбүздө мындай киришүүлөрдүн болушу ооруканабыз жана Деңизли областыбыз үчүн жакшы өнүгүү»,-деп айтты.
«Сабах» гезити «Түркиянын алгачкы 3D анимациясы көрсөтүлө баштайт» деген кабарында жашоо аңгемеси менен тарыхка багыт берген, мүрөктүн суусун издөөсү менен көп сандаган саякатка чыккан Эвлия Челеби, ак көшөгөдө кайрадан чагылышканын жазган.
Гезит Түркиянын алгачкы 3D анимация кино тасма өзгөчөлүгүнө ээ болгон «Эвлия челеби жана Мүрөктүн суусу», көрүүчүлөрдү 17-кылымдан учурубузга жеткен толкундантуучу жана көңүл ачуучу жол тартууга чыгара турганын баяндаган. Кино 7-ноябрда көрсөтүлө баштайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар