Түрк басма сөзү 5.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

181513
Түрк басма сөзү 5.11.2014

«Йени шафак» гезити «Европа Биримдигинен Түркия божомолу» аттуу кабарында Европа Биримдиги комиссиясы тарабынан жарыяланган, «Европа Экономикалык божомолдор 2014 күз» отчетунда Түркиянын өсүүсүнүн 2014-жылы 2,8 пайыз, 2015-жылы 3,3 пайыз жана 2016-жылы 3,7 пайыз боло турганы божомолдонгону жазылган.
Гезит Европа Биримдиги комиссиясы Евро аймагы үчүн 2014-жылдын өсүү божомолун болсо 1,2 пайыздан 0,8 пайызга жана 2015-жылдын өсүү божомолун 1,7 пайыздан 1,1 пайызга түшүргөнүн белгилеген.
«Хабер түрк» гезити «IMFде Түркия мезгили!» деген маалыматында мурдагы казына кеңешчиси Ибрахим Чанакчы Эл аралык Валюта Фондундагы аткаруу директорлугу кызматына расмий түрдө баштаганын жазган.
Гезит Түркия да арасында орун алган 8 өлкө өкүлдүк кылынган Орто жана Чыгыш Европанын аткаруу кеңсесинин директорлугун австриялык кесиптеши Ехан Прадерден өткөрүп алган Чанакчы, аткаруу директору сыпаты менен алгачкы кеңеш жыйынына катышканын баяндаган.
«Акшам» гезити «Ааламдын сырын изилдеген түрк жашы» аттуу кабарында Гедиз университетинин машина инженердигинин 4-курсунун окуучусу Ибрахим Жан Гөргүлүнүн илимдин борборуна кадам таштаганын жазган.
Гезит Гөргүлү ааламдын сырларын изилдеген CERNден чакыруу алганын, Швейцариянын Женева шаарындагы дүйнөнүн эң чоң атом бөлүкчөсү боюнча физика лабораториясында эки ай билим алганын маалымдаган. Дүйнөлүк илимпоздор менен бирге сыноолорго катышкан түрк жигити Гөргүлү, 60 жылдык CERNде жаңы курула турган жер астындагы ишканасынын даярдык иштерине күбө болду.
«Стар» гезити «Кеме жана яхта экспорту 10 айда 1 миллиард доллар киреше алып келди» аттуу кабарында кеме жана яхта секторунун экспорту, январь-октябрь мезгилинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 4,3 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 52 миллион 933 миң долларга жогорулаганын баяндаган.
Гезит бул сектордун тышкарыга сатуусунун жарымынан ашыгын камсыздаган Стамбулдун экспорту, тийиштүү мезгилде 8,48 пайыз жогорулап 715 миллион 924 миң долларга жеткенин белгилеген.
«Ватан» гезити «Стамбулга эң көп алар келишет» аттуу кабарында Стамбулга январь-октябрь мезгилинде 10 миллион 142 миң 888 турист келгенин, ал эми келген чет өлкөлүк саны өткөн жылдын тийиштүү мезгили менен салыштырылганда 13 пайыз өскөнүн жана бул туристтердин 10,3 пайызын немистер, 5 пайызын орустар түзгөнүн баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар