Түрк басма сөзү 3.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

179237
Түрк басма сөзү 3.11.2014


«Сабах» гезити «Коргоо өнөр жайында дагы үч чоң долбоор» деген кабарында коргоо өнөр жайы тармагында тышка көз карандылыкты жоюуну пландаган Түркия, 3 чоң долбоор үчүн 41 миллион лиралык каражат бөлгөнүн билдирген.
Биринчи баскычта коргонууда маанилүү болгон технологиялар боюнча иш-чараларды баштаткан Түркия андан кийин курал жарактар боюнча тыгыз иш алып барат. Ушундайча кыска мөөнөттө колундагы куралдарды күчтөндүрүп, дүйнөгө коргонуу технолгиясын саткан өлкө болот.
«Акшам» гезити «Палестина үчүн нандык ун» тендерин түрктөр жеңип алды» деген кабарында ун чыгаруучу ишкана Улусой ундун, Дүйнөлүк азык түлүк программасы тарабынан Палестинага жөнөтүү үчүн ачылган ун тендерин жеңип алганын маалымдаган.
Декабрь айында 3 миң 600 тонналык ун Палестинага жөнөтүлөт. Улусой ун ишканасынын жетекчиси Эрен 2014-жылы БУУнун палестиналык качкындарга жардам мекемеси аркылуу Палестина үчүн 22 миң 500 тонналык ун жөнөткөндөрүн айтты.
«Йени шафак» гезити «Түркияда демилгечилик потенциялы жогорулоодо» деген кабарында дүйнөдөгү калктын санынын 75 пайызын өкүлдүк кылган ар башка экономикалык өнүгүү деңгээлиндеги 70 өлкөнүн катышуусу менен даярдалган Демилгечилик индексинин жарыяланганын билдирген.

Түркияда 33 миңден ашуун кишинин катышуусу менен аткарылган демилгечилик монитору-2013 Түркия жыйынтыктарына караганда, ар бир 100 кишиден 32синин алдыбыздагы үч жылдын ичинде демилге көтөрүү иштерин жүргүзүүнү максаттоодо.
«Йени шафак» гезити «Түркиянын тхэквондо боюнча спортчулары 9 медаль менен кайтып келе жатышат» деген кабарында Мексикадагы 9- Пумсэ Дүйнөлүк тхэквондо чемпионатында Түркия дагы 1 күмүш, 2 коло медалга ээ болгонун билдирген.
Ушундайча Түркиянын улуттук курама командасы үчүнчү күндүн аягында медаль санын 2 алтын, 2 күмүш жана 5 коло медаль менен бардыгы 9 медалга жеткирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар