Түрк басма сөзү 31.10.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

176150
Түрк басма сөзү 31.10.2014


«Акшам» гезити «Террорду финансылаган Асад экен» баш сөздүү кабарында террор уюму ИШИМдин Түркия аркылуу мунай зат сатканы жөнүндөгү жалган айтымдар төгүнгө чыгарылганын билдирген.
Гезит ИШИМ мунай заты сатылган багыттардын биринчиси Сириянын Дамаск башкаруусу экенин жазган. ИШИМ уюму, көзөмөлгө алган мунай зат чыгаруучу ишканалардын бир бөлүгүн түздөн-түз Асад бийлигине сатууда. Өзгөчө Ракка аймагындагы мунай зат ушул канал аркылуу сатылат. ИШИМдин мунай затынын экинчи багыты болсо Иран аркылуу кеткен Дабайдан жеткен базарлар.

«Хабер түрк» гезити «АКШдан Түркия тууралуу так жооп» баш сөздүү кабарында АКШнын мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Жен Псаки «Вашингтон Пост» гезитинин бүгүнкү санында орун алган «Түркия-АКШ шериктештиги бузулууда» деген кабарлар туурасында: «Ар бир окуганыңарга ишенбегиле, анткени Түркия жалгыз гана НАТОнун шериктеши эле эмес ошол эле учурда ИШИМди күчтөн тайдыруу жана жок кылуу аракеттеринде өнөктөш. Түркия менен көптөгөн темада чогуу иш жүргүзүүдөбүз»,-деди.

«Сабах» гезити «Moody’s Түркиянын экономикасын талкуулайт» деген кабарында Moody’s Түркия экономикасы талкуулана турган Түркиянын насыя риски конференциясынын жылдык 8-жыйынын 5-ноябрда Чыраган сарайында өткөрө турганын маалымдаган. Медиага ачык өтө турган жыйында Түркиянын мамлекеттик карызы, түрк банктары, түрк фирмалары, Түркиядагы базистик иш-чаралар, кыймылсыз мүлк жана исламий банкчылык сыяктуу темалардын карала турганы билдирилди.

«Стар» гезити «Карс кичине Кытай болот» деген кабарында Азияны Европага байланыштыра турган темир жол үчүн борбор болгон Карста кыймылдуулук башталганын маалымдаган. Гезит шаарда курулган уюмдашкан өнөр жай аймагында орун калбай калганда, орустар шаарда инвестиция жасаш үчүн жер издеп жүргөндөрүн жазган. Карска жасала турган инвестициялар менен шаардын кичине Кытайга айлана турганы сөз кылынууда. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар