Түрк басма сөзү 8.10.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

150872
Түрк басма сөзү 8.10.2014

«Хүррийет» гезити «Анкаранын токтому: Кирбейбиз» аттуу кабарында Өкмөт Сириянын территориясында «бейтарап аймак» менен «учууга тыюу салынган аймак» жарыя кылынбастан Түркия Улуу Улуттук Парламентинде кабыл алынган уруксат документин колдонууну ойлобогонун баяндаган.
Бул болсо Түрк куралдуу күчтөрүнүн чек аранын ары жагына өтпөй турганын көрсөтөт. Анкара Кобаниге жана Кобани калкына гуманитардык жардам берип гана тим болот.
«Йени шафак» гезити «Чек ара сызыгына ракета рампасы жайгаштырылды» деген кабарында Кобанинин чыгыш жана түштүк чыгышында орун алган стратегиялык дөбөлөргө желегин илген ИШИМ менен күрт топторунун ортосунда кагылышуулардын күчөп кеткени боюнча Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирия чек арасына ракета рампаларын жайгаштарыганын жазган.
Анда, ал айланада коопсуздук чараларын көргөн жандармерия ал жерге эч кимди жолотпогону, кагылышуулар күчөп баратканынан Түрк куралдуу күчтөрү коопсуздук чара көрүүлөрүн эң жогорку деңгээлге жеткиргени белгиленген.
«Акшам» гезити «Кипр сүйлөшүүлөрүндө кризис!» аттуу кабарында Кипр Рум Башкаруучулугунун лидери Никос Анастасиадис жаратылыш газ изилденип жаткан аймакка Түркиянын согуштук кемелерин жибергендигинин себебинен сүйлөшүү процессинен баш тарткандагын жарыялаганын белгилеген.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенттик маалымат борбору бул окуя боюнча мындай маалымат берди: «Түрк тарабы катары Кипр маселесинин тез арада ортодогу чындыктардын негизинде, Кипрдын толугуна пайдасы тийгидей түрдө келишим менен жыйынтыкталышы багытында чынчыл жана бул үчүн милдетибизди аткарууда чечкиндүүбүз».
«Хүррийет» гезити «Демилгечилердин борбору Түркия болот» деген кабарында Түркияда демилгечилердин санын көбөйтүү үчүн иш-чара баштаткан Түрк телеком, Демилгелерди ылдамдатуу программасы (PİLOTT) менен ушул убакка дейре 21 проектти колдоого алганын маалымдаган.
Бул тармакта Түркияга кошумча нарк кошууну максатагандарын түшүндүргөн Түрк телекомдун стратегия жана жумушту өнүктүрүү боюнча башчысы Хакан Дурсун: «(PİLOTT) проектисин жаңычыл демилгечилер менен кызматташып жана экосистеманы чоңойтуп экономикалык пайда жаратуу үчүн маанилүү инвестиция катары көрүүдөбүз»,-деди.
«Миллийет» гезити «Дүйнөнү сыйгалантты» деген маалыматында Кожаелиде өндүрүшүн кылган Полин, дүйнөнүн эң ири 3 суу паркы фирмасынын арасына киргенин жазган.
1976-жылы курулган Полин, Бахама аралдарынан тартып Вьетнамга чейин, Америкадан Францияга чейин, Украинадан Кытайга чейин дүйнөнүн 90 өлкөсүндө өз маркасы менен суу парктарын куруп жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар