Түрк басма сөзү 30.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

144517
Түрк басма сөзү 30.09.2014

«Стар» гезити «Түрк аскери ИШИМдин курчоосунда» аттуу кабарында Түркиянын өз чек арасынын тышындагы жалгыз мекен жери «Сүлейман Шах» күмбөзү, ИШИМ коркунучу астында турганын жазган.
Гезит «коопсуз аймак» шарты сөз кылынышынан кийин ИШИМ түрк аскерлери кайтарган «Сүлейман Шах» күмбөзүнүн айланасына 1100 согушкерин жайгаштырганын маалымдаган.
Анда ИШИМдин аймакка жетүүдө маанилүү өткөөл жер болгон Жадде айылына да согушкерлерин жыя баштаганы белгиленген.
«Хүррийет» гезити «Ак үй: Түркия орчундуу өнөктөш болушу мүмкүн» деген кабарында АКШнын президенти Барак Обаманын атайын жардамчысы жана Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Булуң аймагы боюнча координатору Филип Гордон ИШИМге каршы күрөштө жалгыз гана аскердик эмес, идеологиялык жагы, чет өлкөлүк согушкерлер, ИШИМдин мунай зат сатууларына бөгөт коюлушу сыяктуу темаларда да өнөктөштөргө муктаждыктары болгонун белгилеп, «Түркия, бул темалардын бардыгында орчундуу өнөктөш болушу мүмкүн жана башкалары менен болгону сыяктуу түрктөр менен да жакын кызматташтык кылабыз»,-деп айтканын баяндаган.
«Сабах» гезити «Түркия чоң рекордго жетишти» деген маалыматында илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык Түркиянын акыркы 3 жылда Европанын Чакан жана орто көлөмдөгү ишкана (KOBİ) жумалыгы иш-чараларында 37 өлкөнүн арасында удаама-удаа биринчиликти алып чоң рекордго жетишкенин жазган.
Гезит Европа Биримдиги фонддорунан пайдалануулары үчүн чакан жана орто көлөмдөгү ишканаларды (KOBİ) багытоо жана жетектөө кызматтары улам өсүп уланганын белгилеген Ышык, Европа фирмалар желеси(AIA) сыяктуу чакан жана орто көлөмдөгү ишканаларды эл аралык өлчөмдө алдыңкы планга чыгара турган программаларды ишке ашыруу үчүн иштер уланып жатканын белгилегенин маалымдаган.
«Акшам» гезити «Көпөлөктүн түшүнө АКШда эң мыкты кинотасма музыкасы сыйлыгы берилди» деген кабарында түрк композитор Рахман Алтын башкы ролдо Кыванч Татлытуг, Мерт Фырат жана Белчим Билгин рол алган «Көпөлөктүн түшү» кинотасмасы үчүн композициялаган музыкалар менен Moondance эл аралык кинофестивалында Эң мыкты кинотасма музыкасы сыйлыгына ылайык көрүлгөнүн жазган.
Гезит Рахман Алтын бул сыйлыгы менен катар мындан мурда да 15-Милан эл аралык кинофестивалы жана 13- World Soundtrack Academyде (Бельгия) сыйлык алганын белгилеген.
«Радикал» гезитинин интернет барагы «Форд "Courier" моделинде максат 50 миң» аттуу кабарында Форддун түрк инженерлери тарабынан долбоорлонгон "Courier" модели Форд Авто өнөр жайы Йеникөй ишканасында медиага таанытылганын маалымдаган.
Анда ишкананын директору Сабри Чимен: «Йеникөй ишканасында учурда 2 мүнөттө бир унаа чыгаруудабыз. Бул болсо күндө 200 унаага туура келет. Жылдын акырына чейин орто эсеп менен 50 миң унаа өндүрүп чыгарган болобуз»,-деп айтканы баяндалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар