Түрк басма сөзү 29.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

143739
Түрк басма сөзү 29.09.2014


«Йени шафак» гезити «Түркиянын жаңы логотип жана урааны» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Стамбулда Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын «Түрк маркасын» таанытуу жыйынында сөз сүйлөгөнүн билдирген. Анда Эрдоган: «Бүгүндөн тарта эми товарларыбыздын үстүндө «made in Turkey» дегендин ордуна жаңы логотип жана «Потенциалдуулукту билип ал» (Discover the potential) урааны болот»,- деп айтканын баяндаган.
«Стар» гезити «Итальян Коста фирмасы Стамбулду негизги порт катары тандады» баш сөздүү кабарында жылына 2 миллион турист ташыган дүйнөнүн эң чоң круиз саякат фирмаларынан бири болгон итальян Коста фирмасы, Стамбулду негизги порт катары жарыялаганын билдирген.
Гезит бул фирманын Израилдин Хайфа шаарынан жүргүзгөн каттамдарын токтотконун жана эми фирмага таандык 4 круиз кемесинин Хайфанын ордуна саякат турларын Стамбулдан баштай турганын жазган.
«Миллийет» гезити «Орусиянын эмбаргосу дыйкандарды үмүттөндүрдү» деген кабарында Орусиянын айыл-чарба продукцияларында Европа өлкөлөрүнө эмбарго коюшу, антальялык дыйкандарды үмүттөндүргөнүн жазган.
Гезит аймакта маанилүү өлчөмдө помидор, бадыраң жана анар өстүргөн дыйкандардын Орусиядан келген талаптарды камсыздаш үчүн шымаланып киришкенин билдирген.
15-октябрдан тарта баштала турган түшүм жыйноо мезгили менен бирге бул жашылча-жемиштердин Орусияга экспортунун артуусу күтүлүүдө.
«Сабах» гезити «Гениалдуу эске тутуучу Стамбулду тартты» аттуу кабарында тик учарлар менен шаарлардын үстүндө жүргүзгөн турларынан кийин эсинде тутуп калган көрүнүштөрүн кагаз бетине түшүргөн «Гениалдуу эс тутум» деген каймана аттуу сүрөт чебери Стивен Уилтширдин Стамбулду тартканын маалымдаган.
5 күндө 165 миң киши көргөн чийим, Стамбул мэриясына белек кылынып, стамбулдуктардын кыдырышына ачылган.
«Хүррийет» гезити «УЕФА Жунейт Чакырды милдеттендирди» деген кабарында ФИФАнын калысы Жүнейт Чакырдын Украинанын Шахтер Донецк командасы менен Португалиянын Порто командаларынын ортосунда ойноло турган УЕФА чемпиондор лигасынын «Н» тобунун экинчи оюнун башкара турганын маалымдаган. УЕФАнын интернет барагынан алынган маалыматка караганда, 30-сентябрь шейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 21:45те Украинанын Львов шаарында ойноло турган футболдук мелдеште Чакырдын жардамчылары Бахаттин Дуран жана Тарык Онгун болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар