Түрк басма сөзү 27. 09. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

141301
Түрк басма сөзү 27. 09. 2014

«Миллийет» гезити «Эрдогандан АКШдан кайтуусунда абдан маанилүү кабарлар» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын ИШИМ тууралуу : «Таштообуз керек болгон кадамдарда үч тема абдан маанилүү. Булардын бирөөсү учууга тыюу салынган аймактын жарыялануусу жана ишеним астына алуу. Экинчиси коопсуз аймактын Сирия тарабынан түзүлүшү. Үчүнчүсү да билим бер – камсызда методу менен бул жерде процессти кимдер менен кандайча башкарабыз, булардын баарын сүйлөшүү керек»,- дегенин билдирген.
«Акшам» гезити «Гуманитардык жардамда биринчи 10добуз»,-деген маалыматында вице – премьер Ялчын Акдоган Түркиянын гуманитардык жардам тууралуу акыркы жылдарда абдан чоң ийгиликке жетишкенин баса белгилегенин : «Түркия, маалым болгондой эң чоң 10 экономиканын ичинде эмес. 2023 – жылдагы көз карашыбыз бул 10 экономиканын ичине кирүү. Бирок биринчи 10го кирген кээ бир темалар бар, булардын бирөөсү да гуманитардык жардам. Эл аралык жардам тууралуу биринчи 10го кирген, биринчи бешке кирген Түркия бар, тактап айтканда өз экономикалык чоңдугунан жогорку деңгээлде, бул жарышта алдыңкы планга чыккан Түркия бар»,- дегенин жазган.
«Сабах» гезити «Жакынкы Чыгыш жана Африкага түрк Скорскийи» деген маалыматында февраль айында жалпы максат тик учары проектиси үчүн Түркия менен 3 жарым миллиард долларлык келишимге кол койгон АКШлык Sikorsky Aircraftтын Түркияда өндүрө турган тик учарларды Жакынкы Чыгыш жана Африкага экспорттоого даярданып жатканын белгилеген. Sikorsky Aircraftтын Жакынкы Чыгыш, Түркия жана Африканын вице – премьери Ананд Стэнли сентябрь айынын башында Түркия офистерин Жакынкы Чыгыш жана Африка аймактарынын борбордук базасы кылышкандарын жана бул аймакка экспортту Түркия аркылуу аткара башташарын да жазган.
«Хүррийет» гезити «Шарптын Европа укуктары эми Вестелге өттү» деген маалыматында Шарп менен лицензияга келишимине кол коюлганын билдирген. Вестел фирмалар группасынын 100 пайыздык ортогу Вестел соода, кечээ кол койгон келишим менен Шарп маркасынын лицензиясы менен үй эмеректерин чыгаруу жана Европада сатуу жана бардык жоопкерчиликтерин өткөрүп алды. Вестел 2015 – жылдын 1 – январынан баштап Вестел үй эмеректери заводдорунда жана Sharp Corporationдин Азиядагы комплекстеринде Шарп маркасы астында өндүрүлгөн продукциялардын Европадагы сатуучусу болот»,- деп билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар