Түрк басма сөзү 25.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

137795
Түрк басма сөзү 25.09.2014

«Хүррийет» гезити «Эрдоган БУУнун башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 69-сессиясында сөз сүйлөгөнүн жазган.
Гезит АКШнын президенти Барак Обама жетектеген «Чет өлкөлүк согушкерлер» темалуу отурумунда маанилүү маалыматтарды берген Эрдоган, «Бул тема жалаң дагы чоң маселенин чагылышы, симптому катары ортого чыкты. Учурубузда да түштүк чек араларыбыздагы коңшу мамлекет түзүлүштөрүнүн кулашы жана бул туудурган ыраатсыздык жана хаос чөйрөсү, террор уюмдарына кыймыл кылуучу аянт жаратты. Аймак тилекке каршы террорист согушкерлер үчүн тартуучу борбор абалына айланды»,-дегинин жазган. Анда Эрдогандын «ИШИМ канкор террор уюму»-дегенине орун берилген.
«Сабах» гезити «20-жүк жүктөлүүдө» аттуу кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз Түркия аркылуу башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн Түндүк Ирак мунай затынын өткөрүлүшүндө 13,7 миллион баррелдик экспортко жетишилгенин айтканын жазган.
Гезит Жейхандан 19-танкердин жүктөлгөнүнүн маалыматын берген Йылдыз, «Эми 20-жүк жүктөлөт. Бул иште 1,3 миллиард доллардык сатуу болду»,-деп айтканын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Энергетикада шамал ылдам сокту» аттуу кабарында энергетикада тышка көз карандылыкты жоюу максатында жергиликтүү жана жаңылана алган булактардын колдонулушун арттырууга аракет кылган Түркия, шамалдан энергия өндүрүүнү ылдамдатууда экендигин билдирген.
Гезит Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда Түркияда үстүбүздөгү жылдын 8 айында шамал энергиясында курулган кубаттулук 2013-жылдын ошондой эле мезгилине салыштырмалуу 926 мегаваттка жогорулап 3 миң 581 мегаваттка жеткенин белгилеген.
Гезит шамалда 2013-жылдын акырында 2 миң 958 мегаватт болгон курулган кубаттуулуктун жылдын акырынан баштап 4 миң мегаватт деңгээлине чыгарылышы максатталууда дегенин маалымдаган.
«Стар» гезити «6 лирага 400 чакырым жүрө алат» деген кабарында Стамбул университетинин электр-электроника инженердиги факультетинен бир топ тарабынан даярдалган 4 сааттык заряддоо менен 500 чакырым жолду басып өтүүчү «Т-1» аттуу электрдүү унаа Антальяда таантылганын жазган.
Гезит жогорку түшүмдүүлүккө ээ болгон жеңил жана аэродинамикалуу түзүлүштөгү унаанын Түркиянын эң түшүмдүү жана эң эле аз жаккан унаа болгондугун белгилеген топтун ушундай түрдөгү унаалардын кеңири жайылышын максаттагандарын билдиргенин баяндаган.
«Радикал» гезитинин интернет барагы: «Түркиялык ишкердин «Range Rover» доосу Европада кеп кылынууда» деген кабарында ишкер Энгин Якуттун мотор жана трансмиссиясынын бузулганынан колдонулгус болгон жаңы «Range Rover» унаалар үчүн англис өндүрүшчү Land Rover Companyге эки башка доо коюсу, Европада кеңири жаңырык тапканын жазган.
Гезит Европа Биримдигинин кеңейүү боюнча жооптуу министринин орун басары Гюнтер Ферхойген да бул доонун «адам укуктарын бузуу» катары эсептелиши керектигин айтканын маалымдаган.
«Миллийет» гезити «Жылдыздар Стамбулда жолугушат» аттуу кабарында дүйнөнүн жана Түркиянын алдыңкы маркетинг, коммуникация жана жаратуучулук боюнча лидерлеринин жолугууучу жери Brand Week Стамбул, быйыл экинчи ирет өткөрүлүп жатканын белгилеген.
Гезит Дүйнөгө таанымал телекөрсөтүү жылдызы Марта Стюарт, «Логикалык оюндар» программасынын жаратуучусу Жейсон Сильва, грэмми сыйлыктуу композитор Эрик Вайтэкр жана реклама дүйнөсүнүн ардактуу ысымы Жон Хегарти сыяктуу жалдыздар 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин Brand Week Стамбулдун алкагында Стамбул конгресс борборунда тосула турганын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар