Түрк басма сөзү 22.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

134694
Түрк басма сөзү 22.09.2014


«Акшам» гезити «Чек арадан өткөн сириялыктардын саны 100 миңден ашты» деген кабарында Сириянын Ракка шаарындагы кагылышуулардан качкан сириялыктардын, Суруч районунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзгөн аянттан Түркияга өтүп жаткандарын жазган.
Гезит Түркияга кирип жаткан сириялыктарды каттоого алуу жана саламаттык абалдарын текшерүү иштерин иликтеген өзгөчө кырдаалдар министри Фуат Октайдын: «Бул адамзаттык трагедиясын азайтуу үчүн ар ким болгон күчүн жумшап, күнү-түнү дебестен аракет кылууда»,- дегенин сөз кылган.
«Йени шафак» гезити «Туризмде жайкы түшүм» баш сөздүү кабарында туризм тармагында дүйнөлүк туризм потенциялына эгедер өлкөлөрдүн арасында алгачкы 5 орунга кирүүнү максаттаган Түркияга июль айында келген чет өлкөлүк туристтердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 13,52 пайыз өскөнүн билдирген. Түркиянын Саякат агенттиктери биримдигинин төрагасы Башаран Улусой: "Жылдын аягынан тарта өлкөбүзгө келе турган туристтердин саны 42 миллионго жана туризм кирешесинин болсо 35-36 миллиард долларга жетээрин божомолдоп жатабыз",- деди.
«Стар» гезити «Лимондон экономикага 115 миллион доллар киреше түштү» деген кабарында Түркияда лимондун январь айында 2 лира 29 куруш болгон баасы август айында 7 лира 23 курушка чейин жогорулаганын жазган.
Гезит Түркия быйыл июль айына чейин 54 өлкөгө орто эсеп менен 172 миң 261 тонна лимон экспорт кылып 115 миллион 82 миң 858 доллар киреше тапканын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар