Түрк басма сөзү 20.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

132960
Түрк басма сөзү 20.09.2014


«Стар» гезити башкы бетине премьер-министр Давутоглунун, «Аларды коноктоого чечкиндүүбүз» дегенин жазган.
Гезит премьер-министр Ахмет Давутоглу Сирия чек арасындагы окуялар боюнча Твиттерде жарыялаган билдирүүсүндө: «Согуштан качып өлкөбүзгө келген туугандарыбызды дини, этникалык теги, улут айырмачылыктарына карабастан коноктоого чечкиндүүбүз. Тарых бул жүктү үстүбүзгө жүктөгөн болсо азиз улутубуз муну аткарат, күнөөсүздөргө кучагын жайып тосуп алат»,- дегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «Аба коридору жабылып, бейтарап аймак курулат» деген кабарында Түркия ИШИМ менен күрөшүүнүн Сирия баскычында «учууга тыюу салынган аймак» жана «бейтарап аймак» сунуштарына акыркы формасын бергенин жазган. Анкарада АКШнын эми бул сунуштарга жылуу караганы айтылууда. Оппозициячылдардын коопсуз аянтта машыктырылуусу чечимин мурдагы күнү АКШнын мыйзам чыгаруу органы болгон Өкүлдөр палатасынан өткөргөн АКШ башкаруучулугунун чечим табуу үчүн биринчи жолу «учууга тыюу салынган аймак» сунушуна жылуу караганы билдирилди.
«Миллийет» гезити «Жумушчулардын коопсуздугун камсыздоодо жаңы пландар бар» деген кабарында Түркиянын Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги жумуш коопсуздугу темасын биринчи жолу эркин мыйзам менен талкуулаганын билдирген. Гезит мамлекеттик жана менчик сектор деп айырмалабастан бул мыйзам бардык жумушчуларды камтыганын, эрежелерди коюунун ордуна алдын алуу негиз кылынып алынганын жазган. Анда ишканалар жасалган жумуштун негизине жараша коопсуздук класстарына бөлүндү. Бардык ишканаларда жумуш коопсуздугу адиси, ишкана дарыгери сыяктуу адис кызматкерлер кызмат кылат. Жумуш менен камсыздоочулар орток саламаттык сактоо жана коопсуздук бөлүмдөрүнөн пайдалана алышаары белгиленген. 

«Йени шафак» гезити «Жумуш менен камсыздоочу мекемелер биримдигин башкарууга талапкер» аттуу кабарында Дүйнөлүк Жумуш менен камсыздоочу мекемелер биримдигинин 2015-жылдагы Дүйнөлүк конгрессине жетекчилик кыла турган Түркиянын Иш башкармалыгы өз максатын кеңейтип биримдиктик башкаруу кеңешинин төрагалыгына талапкер болгонун жарыялаганын билдирген. 

«Ватан» гезити «Университетке кирүү экзамендерине түзөтүү киргизилди» деген кабарында Түркияда миллиондогон окуучунун келечегин бир экзамен менен белгилеген системанын 2016-жылы аяктай турганын маалымдаган. Жаңы система боюнча LYS (Жогорку окуу жайга жайгаштыруу экзамени) жана LGS (Жогорку окуу жайга өтүү экзамендери) жоюлат. Окуучулар лицейдеги экзамендерде алган баалары жана кызыккан тармагына жараша каалаган университетке кайрыла алышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар