Түрк басма сөзү 19.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

131175
Түрк басма сөзү 19.09.2014

«Стар» гезити «Чек аранын боюндагы губернаторлуктарга буйрук берилди» аттуу кабарында премьер-министр Ахмет Давутоглу өлкөсүндөгү кагылышуудан качып Түркиянын чек арасына келген сириялыктарга байланыштуу, «Сириядагы чек аранын боюнда топтолгон туугандарыбызга кайсы этникалык тек, дин же сектаны карманса дагы жардам берүүгө даярбыз»,-дегенин жазган.
Гезит Давутоглунун Сирия жана Ирактагы ыраатсыздыктан келип чыккан ыктымалдуу жыйынтыктар багытында Түркиянын бардык эскертүүлөрүнө карабастан эл аралык коомчулуктун өз убагында керектүү кадамдарды таштай албаганын белгилегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «Түркиянын Европа Биримдиги боюнча жаңы стратегиясы жарыяланды» аттуу кабарында Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр Түркиянын Европа Биримдиги боюнча жаңы стратегиясын жарыялаганын жазган.
Гезит Европа Биримдиги боюнча министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Түркиянын Европа Биримдиги боюнча жаңы стратегиясы, Түркия-Европа Биримдиги карым катнаштарына ылдамдык киргизе турган мүчөлүккө баруучу жолдун алдындагы тоскоолдуктардан ашып өтүүнү максаттоодо»,дегени белгиленди. Жаңы стратегиянын алкагында Түркиянын алдыңкы пландары жана атуулдардын пайда табуусу алдыңкы планга чыгарыла турганын белгилеген жарыяда, «Реформа процессибизди ылдамдатат жана ошондой эле Түркия-Европа Биримдигинин ортосунда жаңы байланыш көпүрөлөрүн курат»,-деген сөздөр орун алганын маалымадаган.
«Ватан» гезити «Парижден көп миллиардерибиз бар» деген кабарында 35 доллар миллиардерлерин тоскон Стамбул; Париж, Токио, Мадрид, Женева, Бомбей, Дубаи жана Рияд сыяктуу шаарларды артка калтырганын белгилеген.
Гезит Wealth-x жана UBSтин сурамжылоосуна караганда 2014-жылы доллар миллиардерлеринин саны 155 кишиге көбөйүп 2 миң 325 кишиге жеткенин жана рекордго жетишкенин маалымдаган. Миллиардер саны 2013-жылга салыштырмалуу 7 пайызга жогорулаган.
«Акшам» гезити спорт кабарына «Акыркы секунддагы гол» деген тема коюп УЕФА Европа лигасынын L тайпасында ойногон Трабзонспор алгачкы жумадагы оюнун атаандаш талаасында Украинанын Металист Харьков командасы менен ойногонун жазган.
Гезит Карадеңиз командасы Металист Харьковду акыркы секундада киргизген голу менен 2-1 эсебинде утуп алганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар