Түрк басма сөзү 18.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

130020
Түрк басма сөзү 18.09.2014

«Хүррийет» гезити «Коопсуздук жыйынынан ИШИМге байланыштуу токтомдор чыкты» аттуу кабарында Чанкая сарайында президент Режеп Таййип Эрдоган жетектеген коопсуздук жыйынында Америка Кошмо Штаттары сөз кылган коалицияда Түркиянын кандай формада орун ала турганына баа берилип, шериктештер менен кызматташуу чечими чыкканын жазган.
Гезит бул чечимдерден бири Түркиянын аймактагы бардык террордук уюмдарга каршы күрөшүү темасында шериктештери менен жүргүзгөн саясаттарын улантышы жана ушул алкакта чалгындоо бөлүшүүсүнүн АКШ баш болгон коалициялык күчтөр жана ИШИМге каршы турган бардык өлкө менен улана турганына чечим чыгарылганын маалымдаган.
«Акшам» гезити «Испания Түркияга патриот ракетасын жөнөтөт» деген кабарында Испаниянын коргоо министри Педро Моренес НАТОнун программасынын алкагында Нидерландиянын ордун ээлеш үчүн Түркияга патриот ракетасынын батареясын жана аскерин жөнөтө турганын жарыялаганын жазган.
Гезит 4-5-сентябрда Уэльсте өткөрүлгөн НАТОнун саммитинде НАТОнун Түркиядагы иштерин да программалаганын белгилеген министр Моренес, ушул алкакта Испаниянын 6 патриот ракета батареясын жана 130 аскерин Түркияга жибере турганын айтканын баяндаган.
«Сабах» гезити «Тамекиге тыюу салуунун күнү белгилүү болду» деген кабарында саламаттык сактоо министри Мехмет Мүеззиноглу тамеки тартуунун ачык аянттар менен чектелишине байланыштуу жол-жобонун жылдын башынан баштап күчүнө кире турганын айтканын жазган.
Гезит министр Мүеззиноглунун, «сейил бактын белгилүү бурчтарында тамеки тартылуучу жай куруу, оорукана жана ибадатканалардын бакчасында тамеки тартыла турган аянттын салынышы. Коомдук ресторан жана кафетерий сыяктуу ачык аянттагы жайларда да ачык аянттын чылым чегилген жана чегилбеген бөлүмдөрү сыяктуу тартипке салуулардын даярдыктарын жасоодобуз»,-дегенин жазган.
«Стар» гезити «Стамбулдагы 5-Финансы жыйыны аяктады» аттуу кабарында жыйындын алкагында сөз сүйлөгөн каржы министри Мехмет Шимшек, «Инфляциянын дээрлик эң чокуга чыкканын ойлоодобуз. Мындан кийин тыгыз тартип менен инфляцияны кайра 5-7 пайыздын арасына, андан кийин узун мөөнөттө 5 пайыздын астына түшүрүүнү максаттоодобуз»,-дегенин маалымдаган.
Гезит 2015-2019-жылдар аралыгында шайлоо болбой турганын түшүндүргөн Шимшек: «Анда абдан күчтүү реформаларды жасайбыз. Түркия бул мезгилде 2002-2007-жылдардын арасында болгону сыяктуу 6-7 пайыздык өсүү максаттарына жетет»,-деп айтканын билдирген.
«Радикал» гезити интернет барагына «Бул кесипти тандагандар жумушсуз калышпайт» деген тема коюп, Түркиянын жарандык авиация тармагынын акыркы жылдарда ылдам өсүп баратканын жазган.
Гезит 2013-жылдын акырынан баштап авиация тармагында жүргүнчү саны жүз элүү миллионго, активдүү аэропорт саны элүү экиге жеткенин, аба жолдору фирмаларынын санынын жана сапатынын жогорулашы, атаандаштык чөйрөсүнүн түзүлүшү, аэропорттордун турак шарттарынын жакшырытылышы жана заманбап формага жеткирилиши сыяктуу факторлор бул тармакты өнүктүргөнүн жазган.
Ушундайча бул тармак жумуш издеген жаштардын каалаган жери болгонун, жумуш проекттерине караганда эң маанилүү жетишсиздиктин стюардесса экендигин белгилеген.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар