Түрк басма сөзү 16.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

127429
Түрк басма сөзү 16.09.2014

«Стар» гезити «Керек болсо мамилени бузабыз!» деген кабарында президент Эрдоган Катарга жасаган 2 күндүк иш сапарын аяктап өлкөгө кайтканын жана учакта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекемелерге байланыштуу баа бергенин жазган.
Гезит Эрдогандын, «Түркияга карай баа берүүлөрү техникалык эмес, саясий. Биз бул жерге алардын мамилелери менен жеткен жокпуз. Мындай мамилелерин уланта беришсе, өкмөткө алар менен болгон мамилени бузууну сунуштаймын»,дегенин баяндаган.
«Миллийет» гезити «Толук 700 футбол аянтындай чоңдукта» аттуу кабарында Коньянын Эрегли районунда 1,5 миллион бак орун алган 700 футбол талаасындай чоңдуктагы алма бакчасы Европанын бир жерде орун алган эң ири мөмө-жемиш багы болуу өзгөчөлүгүн сактаганын белгилеген.
Гезит инвестициясы 1999-жылы башталган бакчадан алынган 20 миң тонна алма өлкө ичине дагы чет өлкөгө дагы жиберилип жатканын, орто эсеп менен 1,5 миллион түп бак орун алганын жана абдан заманбап комплексте күн, мөндүр, шамал сыяктуу таасирлерден коргош үчүн бакчанын үстү сетка менен жабыла алаарын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Түркияда алгачкы жаңылык аткарылат» деген кабарында Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөдөн импорттолгон жана баасы абдан кымбат болгон ракка каршы жана антибиотик сыяктуу дарылардын Түркияда өндүрүлүшү үчүн иш-чара баштатканын жазган.
Гезит Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Эйүп Гүмүш Түркиянын медициналык аппарат жана дарыда тышка көз каранды болуудан кутулуусу керектигин белгилеп, курула турган Түркиянын саламаттык сактоо институттары (TÜSEB) башкармалыгына караштуу биотехнология институтунда дары өнүктүрүүгө карай эмгектенүүлөр башталаарын билдиргенин маалымдаган.
«Ватан» гезити «АКШ сириялык баш калкалоочулар үчүн жардам берет» аттуу кабарында Америка Кошмо Штаттары Сирияга кошуна өлкөлөргө баш калкалоочулар үчүн кошумча жардам бере турганын жарыялап, мунун 47 миллион 400 миң долларынын Түркияга бөлүнө турганын билдиргенин жазган.
Гезит АКШнын Аммандагы элчилигинен жасалган жазуу түрүндөгү жарыяда сириялык баш калкалоочулар жайгашкан Ливанга 103 миллион 800 миң доллар, Иорданияга 56 миллион 700 миң доллар, Иракка 29 миллион 700 миң доллар жана Египетке 15 миллион доллар болуп бардыгы 250 миллион доллардык кошумча жардам бериле турганын билдиргенин баяндаган.
«Сабах» гезити «Рекордсмен...» аттуу кабарында дүйнөгө таанымал мегастар ырчы Таркан Харбиедеги ачык аянттагы концерттер сериясын рекорддор менен жапканын жазган.
Гезит 9 түндө 65 миң кишинин көңүлүн ачкан мегастардын, 8 миллион лира тапканын , 1998-жылы 29-августта ошол жерде биринчи концертин бергенин жана андан бери 32 жолу концерт бергенин белгилеген. Кабарда Таркандын быйылкы Харбиедеги 9 концерти менен кошо 16 жылда 265 миң кишиге ырдап бергени маалымдалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар