Түрк басма сөзү 14.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

125158
Түрк басма сөзү 14.09.2014

«Миллийет» гезити «Түркия чечүүчү роль ойноодо» аттуу кабарында АКШнын мамлекеттик катчылыгынын маалымат катчысы Мари Харф: «Ирак, Сирия жана башка жерлерде майда кыйынчылыктарга туш келип жатканда, Түркия менен бөлүшүп жаткан өнөктөштүгүбүз абдан маанилүү. Түркия бүтүндөй аймактын коопсуздугу жана ырааттуулугунун күчтөнүшүндө орчундуу ролду ойнойт жана бул максаттарга жетүү үчүн күнүгө биргелеше иштөөдөбүз»,-дегенин жазган.
«Йени шафак» гезити «Давутоглу тарыхый проекттин сүйүнчүсүн берди» деген кабарында премьер-министр Ахмет Давутоглу Евразия тоннелинин 2016-жылы декабрь айында ишке кире турганын сүйүнчүлөгөнүн жазган.
Гезит тоннель аянтын иликтеген Ахмет Давутоглунун: «Ушунчалык тереңдик, ушунчалык басым, ушундай тыгыздыктагы өткөөл, абдан чоң инженердик ийгилик. Бул иштердин толугу 4 жылдан бир аз ашкан мөөнөттө бүтүрүлөт деп ойлойбуз. Иштер үстүбүздөгү жылдын январь айында башталды. Келээрки жылы июнь айында тоннелдин суу астындагы бөлүгү аяктайт»,-дегенин баяндаган.
«Стар» гезити «Сирияга гуманитардык жардам» аттуу кабарында Адам укук жана эркиндиктери боюнча гуманитардык жардам фонду (İHH) Сирияга 22 жүк ташуучу унаа менен жардам жөнөткөнүн билдирген.
Гезит Адам укук жана эркиндиктери боюнча гуманитардык жардам фондунун Кувейттен жарандык уюмдардын салымдары менен чогулткан гуманитардык жардам материалдарын ташыган 22 жүк ташуучу унаа, конвой түрүндө рейханлы районунан Сирияга багыт алганын маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Орус армиясынын ботинка тендерин түрк фирмасы YDS акционердик коому утуп алды» деген кабарында жергиктүү ботинка өндүрүчүүсү Йакупоглу тери өнөр жайы (YDS) акционердик коому, орус армиясына ботинка чыгаруу үчүн өткөрүлгөн тендерди жеңип алганын белгилеген.
Гезит Йакупоглу тери өнөр жайы фирмасы Орусиянын армиясына 100 миллион доллардык аскердик ботинка өндүрүп чыгарат. Түркиянын ботинка өндүрүүчүсү Йакупоглу тери өнөр жайы акционердик коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы Ведат Якупоглу дүйнөнүн эң чоң аскердик ботинка тендерин алгандарын айтканын баяндаган.
«Радикал» гезити интернет барагынан «Унчукпагандар» NВС сериялы болот деген кабарды берип, абактагы жылдарынын өчүн алуу үчүн кайрадан жолдору кесилишкен төрт достун аңгемесин түшүндүргөн «үнчукпагандар» сериялы, Американын атактуу NВС каналында «Гейм оф сайленс» деген ат менен бериле турганын жарыялаган. Бул сериял мындан мурда Балкан жана араб өлкөлөрү менен катар Италияда көрсөтүлгөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар