Түрк басма сөзү 31.08.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

109687
Түрк басма сөзү 31.08.2014

«Миллийет» гезити «Немис министр менен космостук таңкы тамак» аттуу кабарында президенттик тапшыруу-өткөрүп алуу аземине Германия өкмөтүнүн атынан көңүлдүк кылган вице-премьер жана ички иштер министри Томас де Меьзер, Түркиянын ички иштер министри Эфкан Ала менен таңкы тамакта жолукканын жазган.
Гезит жолугушууда өзгөчө Германиянын Түркиянын телефондорун тыңшаганы жөнүндөгү кабарлар сүйлөшүлүп, темалардын жашыруундуулугунун себебинен таңкы тамак тейлөөсүнө официанттар дагы киргизилбегендиги көңүл бурганын баяндаган.
Гезит Эфкан Ала Түркияны тыңшоолор кабыл алынгыс болгонун белгилесе, эки өлкөнүн чалгындоо кызматтарынын бул темага байланыштуу сүйлөшүүлөрдү баштай турганын түшүндүргөнүн маалымадаган.
«Хүррийет» гезити «Түрк курулушчулар дүйнөдө 2-орунда» аттуу кабарында Эл аралык курулуш секторунун журналы ENR'ın (Engineering News Record) курулушчулардын мурдагы жылда өлкөлөрүнүн тышындагы иштеринен алынган көрсөткүчтөргө таянып жарыялаган «Дүйнөнүн эң чоң 250 эл аралык курулушчусу» тизмесинде 2012-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 38 болгон Түркиянын курулушчу фирма саны 2013-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 2014-жылы 42ге жогорулай турганын белгилеген.
Гезит бул сан 62 фирмасы менен тизмеде биринчи орунда турган Кытайдан кийин Түркиянын орун алганын, үчүнчү орунда АКШ 31 фирма менен орун алганын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Булуңдагы өткөөл көпүрө аяктап баратат» аттуу кабарында дүйнөнүн эң чоң 4-асма көпүрө курулушунда иштер ылдам жүрүп жатканын жазган.
Гезит Стамбул менен Измирдин арасын 3,5 саатка түшүрө турган, Стамбул менен Ялованын арасын 6 мүнөткө түшүрө турган булуң өткөөл көпүрөсүнүн аяктары дээрлик бүтүп калганын баяндаган.
Кабарда жол салууда бир чакырым артта калганы, 6 тилкелүү жол убакыт жана экономикалык жактан үнөмдүү боло турганы, дүйнөнүн эң узун 4-асма көпүрөсү бир эле убакта Түркиянын эң узун автожол проектинин бир бөлүгү экендиги, 2015-жылы ачыла турган көпүрөдө бир тилке жөөчөндөр үчүн салына турганы маалымдалган.
«Йени шафак» гезити «12 дөө адам укмуш кайтты» деген кабарында FIBA -2014 Дүйнөлүк кубокто «А» улуттук курама баскетбол команда «С» тобундагы биринчи оюнунда Жаңы Зеландияны 76-73 упай эсебинде утуп алганын жазган.
Гезит оюндун баштарында жеңилип бараткан Түркиянын курама баскетбол командасы акыркы бөлүмдөгү 15-1 упайлык жеңиши менен утушка ээ болгонун белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар