Түрк басма сөзү 29. 08. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

107108
Түрк басма сөзү 29. 08. 2014

«Йени шафак» гезити «Эрдоган ант берди» деген маалыматында Түркиянын 12 – президенти болуп шайланган Р. Т. Эрдогандын Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин Жалпы Кеңешинде ант бергенин билдирген. Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин Жалпы Кеңеши ант берүү салтанаты үчүн Жемил Чичектин жетекчилигинде кезексиз чогулду. Эрдоган ант берүү салтанатынан кийин Чанкая сарайына барып, кызматты араларында чет элдик мамлекеттик кызматкерлери да болгон коноктордун алдында 11 – президент Абдуллах Гүлдөн өткөрүп алды.
«Сабах» гезити «АСЕЛСАН кирешесин экиге эсеге чыгарды» деген маалыматында Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн кабарлашуу аппараттарына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу максатында курулган АСЕЛСАН өлкө ичиндеги жана өлкө тышындагы сатууларын көбөйтүүнү улантууда. Фирманын жылдын биринчи жарымынан баштап так сатуусу өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 14 пайыз өстү. АСЕЛСАНдын мезгилдик так кирешеси болсо өткөн бир жылдын ушул эле мезгилине караганда 99 пайызга өсүп 199 миллион лира болду. Фирманын 2013 – жыл декабрь айындагы булактары болсо 11 пайызга өсүү көрсөттү.
«Радикал» гезитинин интернет сайты «Порошенко Түркия саякатын токтотту» деген маалыматында Украинанын президенти Петро Порошенко Түркия саякатын Украинанын Орусия тарабынан басылып алынганын айтуу менен токтотту. Коопсуздук жана коргоо кеңешин чукул түрдө чогулууга чакырган Порошенко Украина кризисиндеги кийинки кадамын талкууланарын белгилеген. Президенттиктин сайтынан берилген бул тууралуу маалыматта : «Түркияга жасай турган сапарымды Украинаны Орусиянын басып алуусу жана башта Амвросиевка жана Старобешеве болуу менен Донецк аймагындагы абалдын ылдам түрдө начарлоосунан улам токтоттум»,- деген.
«Стар» гезити «Учак билеттери бааларынын тизмесинде Түркия жетинчи орунда» деген маалыматында борбору Берлиндеги саякат изилдөө сайты GoEuro дүйнөдө эң арзанга уча ала турган өлкөлөрдү тизмеледи. Түркия бул анкетада Испания жана Америкадан кийн 7 - орунда турат. Финансы министри Мехмет Шимшек Түркия 7 – орунду алган бул анкетаны социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн. Шимшек маалыматты : «Аба жолу калктын жолу...» деген жазуу менен бөлүштү. Анкетага караганда дүйнөнүн эң арзан учак билеттери Индияда сатылууда.
«Хүррийет» гезити «Галатасарайдын чемпиондор лигасындагы атаандаштары белгилүү болду» деген маалыматында Галатасарайдын УЕФА чемпиондор лигасындагы атаандаштары Монакодо тартылган чүчү кулак менен белгиленди. Гезит Галатасарайдын Арсенал, Боруссия Дортмунд жана Андерлехт орун алган Д группасына түшкөнүн жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар