Түрк басма сөзү 28.08.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

106803
Түрк басма сөзү 28.08.2014

«Хүррийет» гезити «Давутоглу партиянын жетекчиси болуп шайланды» деген кабарында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Анкарадагы Арена спорт залында өткөрүлгөн 1-кезексиз чоң курултайында жетекчилик үчүн өткөрүлгөн шайлоо аяктаганын жазган.
Гезит Курултай кеңешинин төрагасы Халук Ипек, шайлоодо 1388 добуш берилгенин жана добуштардын 1382нин жарактуу, алтоонун жараксыз болгонун белгилеп, шайлоо жыйынтыктарына караганда тышкы иштер министр жана Конья эл өкүлү урматтуу Ахмет Давутолглу бардыгы 1382 долбуш алып АК партиянын жетекчиси болуп шайланганын жарыялаганын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Мүмкүнчүлүгү чектелген кишиге 36 миң лира жардам берилет» аттуу кабарында Түркия Жумуш кеңеши баштаткан жана экинчи мезгил кайрылуулары уланып жаткан долбоордун алкагында өз ишин өзү кургусу келген мүмкүнчүлүгү чектелген кишилерге 36 миң лирага чейин жардам бериле турганын белгилегенин жазган.
Гезит бул долбоорго кайрылуулар 12-сентябрда аяктай турганын, денесинен, акыл-эсинен,рухунан, сезиминен жана социалдык жөндөмдүүлүктөрүнөн түрдүү даражаларда ажыроосунун себебинен иштөө күчүнүн эң аз 40 пайызынан кем болгондугу рапорт менен белгиленген жана иштей алгыдай абалда болгон мүмкүнчүлүгү чектелгендер, өздөрү жашаган областтын ичинде ишке ашырылышы үчүн сунуштай турган проекттер менен жардам колдоосунан пайдалана ала турганын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Газадагы ооруканаларга жер жүзүндөгү докутрлардан колдоо көрсөтүлдү» деген кабарында Жер жүзүндөгү доктурлар тобу Палестинанын саламаттык сактоо министрлиги жана Газанын Ислам университетинин медицина факультети менен кызматташтык келишимин түзгөнүн жазды.
Гезит Жер жүзүндөгү доктурлар тобунун башкаруу кеңешинин мүчөсү жана Стамбул Меденийет университетинин медицина факультетинин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы проф.Орхан Алимоглу Израилдин Газага кол салууларынан кийин 10-17-август күндөрүндө аймакка баргандарын сөз кылып, кол коюлган келишимдер туурасында, «Ушул алкакта Газанын согуш убагында кулаган ооруканаларынын инфраструктурасы менен ооруканалардын ичкерисинде анализ жана дарылоо үчүн колдонула турган технология жана адис доктурлардын окуу бүткөндөн кийин билим алуулары, келечекте боло турган буга окшогон жаралануулардын дарылануусунун дагы жакшы жасалышы үчүн жардамчы билим берүү программаларынын уюштурулушу, университеттер аралык мугалим жана окуучу алмашуу темасында макылдаштык»,-дегенин баяндаган.
«Радикал» гезити интернет барагында «ICQ түрк тилинде кайра кайтууда» деген кабар жазылган.
Анда берилгендей, дароо кабарлашуу программаларынын башында турган ICQ артка кайтууда. Толугу менен түрк тилинде боло турган мобилдик ICQ ишке ашыруусу, акысыз SMS, үндүү жана видеолуу сүйлөшүү менен катар группалар аралык маектешүүлөр сыяктуу кошумча өзгөчөлүгү бар. Бизге белгилүү болгон үн кайрадан бардык жерде угула баштамакчы.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар