Түрк басма сөзү 25.08.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

102458
Түрк басма сөзү 25.08.2014


«Сабах» гезити «Ислам мамлекети тобу Халеб-Түркия байланышын үзүүгө аракет кылууда» деген кабарында Сириянын Халеб шаарына карай жылып бараткан Ирак-Шам Ислам мамлекети тобу бул шаар менен Түркиянын ортосундагы байланышты үзүүгө аракет кылып жатканын жазган.
Террордук топко караштуу күчтөр Эркин Сирия армиясынын көзөмөлүндөгү Азез районуна оор куралдар менен кол салышты. Халебдин элет жерлеринде илгерилеп бараткан Ислам мамлекети тобу менен Эркин Сирия армиясынын ортосундагы кагылышууларда көп сандаган кишинин каза болгону билдирилди.
«Ватан» гезити «Ататүрк аэропортунда «E-gate» долбоору ишке ашырылат» деген кабарында «Ататүрк» аэропортунда ушул айдын аягына чейин баштатылуусу пландалган «Биометрикалык өткөөл» деп да аталган «E-gate» долбоору үчүн текшерүүчү аппараттар жайгаштырылды. Чет өлкөгө чыгууларга ылдамдык киргизе турган «Биометрикалык өткөөл» долбоорунун ишке ашырылуусу үчүн аэропорттордогу ички жана тышкы каттамдарга алгач экиден аппарат жайгаштырылды.
«Стар» гезити «Дүйнөнүн эң кооз шаары» баш сөздүү кабарында дүйнөгө таанымал саякат агенттиги Trip Advisor окурмандарынын добушу менен «тирүү кезде сөзсүз көрүш керек болгон шаарларды» белгилегенин жазган. Тизменин башында болсо Стамбул орун алган.

«Хүррийет» гезити «Гөкчеадада сыйынуу аземи» баш сөздүү кабарында Чанаккаленин Гөкчеада районунда жашаган румдар Мариям эненин рухунун теңир кабатына жогорулоосу майрамдалган Панайя жарманкесинде жолугушкандарын жазган.
Гезит жарманкенин алкагында Зейтинли айылында сыйынуу аземи уюштурулганын, Панайя чиркөөсүндө Фенер рум патриархы Варфоломей башкарган сыйынууга Грециянын Македония-Фракия боюнча министри Йоргос Орфанос, Гөкчеаданын метрополити Йорго Драгуни Кириллос да катышканын баяндаган. Кабарда 2,5 саатка созулган сыйынууга АКШ, Италия жана Грециядан көп сандаган деспот жана кечилдер менен аралда жашаган рум атуулдары катышканы маалымдалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар