Түрк басма сөзү 19.08.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

96078
Түрк басма сөзү 19.08.2014

«Хүррийет» гезити «Мудиске катуу жооп» аттуу кабарында экономика министри Нихат Зейбекчинин насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме Мудис (Moody's) тарабынан жасалган жарыялардын Түркиядагы экономикалык абалга шайкеш келбегендигин, экономикалык критерийлердин ордуна жаман ой менен даярдалганын белгилегенин баяндаган.
Гезит министр Зейбекчинин: «Түркия экономикасынын оң эч бир жагынан сөз кылбастан, өзүнөн күтүлгөн экономикалык баа берүүнүн ордуна, бирөөлөр талап кылган саясий буюртмага ылайык баа берди»-дегенин жазган.
«Йени шафак» гезити «Давутоглу; немистерден жооп күтүүдөбүз» деген кабарында, Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглунун Германиянын Түркияны тыңшаганы жөнүндөгү айтымдар боюнча : «Германиянын тыңшоосу кечирилбейт. Немис жооптуулардан жооп беришин күтүүдөбүз»-дегенин жазган.
Гезит Давутоглунун: «Эл аралык мамилелерде өзгөчө шериктеш өлкөлөрдүн ортосунда көңүл бурулушу керек болгон негизги принциптер бар. Бул айтымдар чын болсо бул кабыл алынгыс нерсе. Сөзсүз ачыктап бериши керек болгон абалга туш болдук. Эң кыска убакта мунун аткарылышын күтүү биздин табигый укугубуз. Бул чын эмес болсо ал тууралуу кадамдар ташталышы керек. Эгер чын болсо бизге эң туура жооптуу бериши зарыл»,-деп айтканын баяндаган.
«Стар» гезити «Туризм кирешелери 7,9 пайыз өстү» деген кабарында Түркиянын статистика мекмеси жылдын экинчи чейрегине байланыштуу туризм статистикаларын жарыялады.
Гезит буга ылайык туризм кирешелери экинчи чейректе былтыркы жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу 7,9 пайыз өсүү көрсөтүп, 8 миллиард 975 миллион 976 миң долларга жеткенин баяндаган.
Гезит туризм кирешелеринин 84,5 пайызы чет өлкөлүк туристтерден 15,5 пайызы болсо чет өлкөдө жашаган атуулдардан түшкөнүн маалымдаган.
«Миллийет» гезити «Жакынкы чыгышты түрк кафесине тартты» аттуу кабарында «Диван Пастанелери» фирмасы Жакынкы Чыгышта өсүү үчүн шымаланып киришип, өндүрүш көлөмүн төрт эсеге жеткирүү үчүн иш-аракетин баштатканын жазган.
Гезит Катарда Германия Груп менен түзгөн «Franchise» келишиминен кийин биринчи кафесин 2015-жылы ачууга даярданып жаткандыгын белгилеген.
«Йени шафак» гезити «Бешикташ Арсенал оюнуна даяр» деген спорт кабарында Бешикташ УЕФА чемпиондор лигасынын плей-офф тандоо турунда Арсенал менен ойной турган биринчи оюнуна даярдыктарын бүтүргөнүн белгилеген.
Гезит машыктыруучу Славен Бличтин башкаруусунда аткарылган машыгууларда футболисттер, ысынуу бөлүмүнөн кийин эки дарбазада ойношконун маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар