Түрк басма сөзү 18.08.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

94708
Түрк басма сөзү 18.08.2014

«Миллийет» гезити «Нью-Йорк Таймс Түркияга ырахмат айтты» деген кабарында «Нью-Йорк Таймс» гезинин жетекчиси Артур Сульцбергердин Премьер-министрликке караштуу өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын төрагасы Фуат Октайга кат жазып, Иракта езиддерге жардам алып бараткан тик учар кырсыгында жаракат алган Париждеги кеңсесинин жетекчиси Алисса Рубин жана фотожурналист Адам Фергюсондун Стамбулга алынып келинүүсүнө карата Түркиянын аракеттери үчүн ырахмат айтканын жазган.
«Йени шафак» гезити «Стамбул 130 өлкөнү артта калтырды» баш сөздүү кабарында Республиканын алгачкы жылдарында 1927-жылы 806 миң 863 киши деп жарыяланган Стамбулдун калкынын саны 2013-жылдын аягынан тарта 14 миллион 160 миң 467 кишиге жетип мега шаарга айланганын маалымдаган.
Түркиянын статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда Түркиянын 76,6 миллион калкынын санынын 18,4 пайызын Стамбулдун калкы түзүүдө.
Калкынын саны боюнча Бельгия, Греция, Венгрия, Тунис, Португалия, Чех Республикасы, Бириккен Араб Эмирликтери, Швеция, Белоруссия, Швейцария, Австрия да араларында болгон 130 өлкөнү артта калтырган Стамбул акыркы 5 жылда калкынын санына 1 миллион 245 миң 309 киши кошту.
«Сабах» гезити «Иран Түркияга жаратылыш газ экспортун көбөйтөт» деген кабарында Ирандын Тебризде жаңы ишканаларды салып Түркияга экспорттолгон жаратылыш газ көлөмүн күнүмдүк 60 миллион метр кубга жеткирүүнү пландаганын билдирген.
Ирандын маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда Ирандын улуттук газ фирмасынын жооптуусу Абдулхүсейин Семери жаңы ишканалардын жакында курула турганын сөз кылып, күнүмдүк 36 миллион метр куб болгон газ көлөмүнүн ушул долбоордун негизинде 60 миллион метр кубга жеткириле турганын белгиледи.
«Хабер түрк» гезити «Европаны артта калтырдык» деген кабарында транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Лүтфи Элвандын, Европада каттамдарынын санынын көптүгү боюнча Түркиянын биринчи орунда турганын билдиргенин жазган.
2013-жылы каттамдарынын санын эң көп көбөйткөн Түркиядан кийин Украина, Нидерландия, Румыния жана Норвегия турат.
Түркияда жаңы эл аралык каттамдар жана ички каттамдардын саны көбөйгөндүктөн учак тыгындары болуп жатканы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар