Түрк басма сөзү 15. 08. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

92162
Түрк басма сөзү 15. 08. 2014

«Йени» шафак гезити «Премьер – министрди 21 – августта билдирет» деген маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын түзүлүшүнүн 13 жылдыгы үчүн берилген рецепсияда сөз сүйлөгөн Түркиянын 12 – президенти болуп шайлаган премьер – министр Р. Т. Эрдогандын сөзүнө орун берген. Гезит Эрдогандын Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жаңы лидери жана премьер – министрдин алдыдагы бейшемби күнү боло турган Борбордук иш алып баруу кеңешинде белгиленерин айтканын билдирген.
«Сабах» гезити «Рабиа күнүндө кан төгүлдү» деген маалыматында Египетте өткөн жылкы соккуга каршы туруунун биринчи жылында Каирдеги митингде окуя чыкканын жазган. Гезит полициянын кийлигишүүсүндө 7 кишинин каза болгонун белгилеген. Кабарда 7 облустагы митингде 63 кишинин камоого алынганы билдирилген.
«Стар» гезити «Жаралуу газалыктарды зыярат кылуу» деген маалыматында тышкы иштер министри Ахмет Давутоглунун Анкарада Йенимахалле мамлекеттик ооруканасында дарыланып жаткан газалык жаралууларды зыярат кылагынын белгилеген. Гезит жарандардын Түркияга алып келинүүсү үчүн абдан чоң аракет кылышкандарын айткан Давутоглунун кечээ 13 газалыктын дагы келгенин билдиргенин белгилеген.
«Стар» гезити «Түрк аба жолдору 7 айда 31 миллион кишини учурду» деген маалыматында түрк аба жолдорунун январь - июль мезгилинде жүргүнчү санын 15, 2 пайызга өстүрүп 31 миллион кишиге жогорулатканын белгилеген. Гезит жүргүнчү санындагы өсүүнүн ички каттамдарда 14, 4 пайызга тышкы каттамдарда болсо жүргүнчү катнашынын 13, 8 пайыз болгонун белгилеген. Маалыматта ошол эле мезгилде учак каттамдары жасалган шаар санынын да 237ден 259га чыкканы белгиленген.
«Ватан» гезити «Анталья аэропорту жүргүнчү рекордуна жетишти» деген кабарында туризмдин борбору Антальяда аэропорттун 13 – август күнү жүргүнчү саны жактан өз рекордуна жеткенин жазган. Гезит мамлекеттик аба аянттарын иштетүү боюнча генералдык директору Орхан Бирдалдын жасаган билдирүүсүндө Анатлья аэропортун мурунку күнү 191 миң 695 жүргүнчүнүн колдоногунун билдиргенин жазган. Кабарда Бирдалдын Анталья аэропортунун жүргүнчү санында жаңы бир рекордго жетишкенин айтканын белгилеген.
«Акшам» гезити «Түрк кинолору Боснияда» деген маалыматында бүгүн башталган 20 – Сараево кино фестивалынын 23 – августта аяктай турганын белгилеген. Гезит түрк киносунун 100 жылдыгына араларында «Кыш уйкусу» да орун алган 6 кинонун босниялыктар менен жолугушарын белгилеген.
«Хүррийет» гезити «Түстөрдүн эскерүүсү» деген маалыматында Бешикташтын Сүлейман Себа үчүн ыйлаганын жазган. Гезит Бешикташ менен бирге Фенербахче жана Галатасарайдын да кечээки машыгууну бир минуталык эскерүү менен баштаганын билдирген. Маалыматта Трабзонспордун сезондун ачылышындагы музыка шаан – шөкөтүн токтоткону билдирилген.
«Сабах» гезитинин спорт бетинен берилген «Сүлейман Себанын үйү музей болду» деген маалыматында өлүмү менен спорт дүйнөсүн кайгыга салган легендарлуу төрага Сүлейман Себа жашаган үйдүн мындан кийин музей катары колдонулары белгиленген.
«Ватан» гезити «Түркиянын сыймыгы болду» деген маалыматында Зюрихтеги Европа Атлетизм чемпиондугунда Кения тектүү Али Кая жана Полат Арыкандын Түркиянын атынан аянтка чыкканын белгилеген. Гезит Каянын 10 миң метрде коло медалга жетишкенин жарыялаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар