Түрк басма сөзү 11.08.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

87101
Түрк басма сөзү 11.08.2014


«Стар» гезити «Улуттун президенти» баш сөздүү кабарында Түркиянын тарыхында алгачкы жолу калк президентин шайлаш үчүн түз добуш бергенин жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын Түркия Республикасынын 12-президенти болуп шайланганын белгилеген. Кабарда Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкы борборунун алдында чогулган кубанычтуу калың топко кайрылган премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын өзүнө добуш берген же бербеген ар кимге ырахмат айтканы жазылган. 

«Сабах» гезити «Президентибизди шайладык» деген кабарында түрк калкынын кечээ тарых жазганын баяндаган. Кабарда премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын, Түркия Республикасынын 68 жылдык демократиялуу тарыхында элдин түздөн-түз добушу менен шайланган алгачкы президент экени белгиленген. Гезиттин кабарында калк түздөн-түз шайлаган президент болгон Эрдогандын сөз сүйлөөсүндө: «Бул шайлоону жеңген бир гана Эрдоган эмес. Улуттук эрк, демократия дагы бир жолу жеңди. Мен үчүн добуш бергендерге эмес, 77 миллион кишиге бирдей мамиле кыла турган президент боломун»,- деп айтканы жазылган.
«Хабер түрк» гезити «Эрдогандын тарыхый жеңиши» баш сөздүү кабарында Түркия 12-президентин алгач ирет өз добушу менен белгилегенин маалымдаган. Гезиттин кабарында премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын шайлоого: «Улут эрктүүлүгүн ортого салды»,- деп сереп салганын жазган.

«Хүррийет» гезити «Алгачкы айлампада жеңди» баш сөздүү кабарында премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын алгачкы айлампада 12-президент болуп шайланып 9-жеңишин жарыялаганын белгилеген. Гезиттин кабарында Эрдогандын 5 жыл бою Чанкая сарайында кызмат кыла турганы маалымдалган.
«Миллийет» гезити «Эрдогандын жеңиши кубанычтуу белгиленди» баш сөздүү кабарында өлкөнүн ар башка борборлорунда Адилеттик жана өнүгүү партиясынын куттуктоо программалары өткөрүлгөнүн баяндаган. Гезиттин кабарында премьер-министр Эрдогандын президент болуп шайланышын жарандар көптөгөн жерде кубанычтуу белгилегендери жазылган.
«Акшам» гезитинин экономика барагындагы «Проекттер токтобостон улантылат» деген кабарында 12-президент болуп шайланган премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын Чанкаядагы кызмат мөөнөтү убагында да негизги планы экономиканы өнүктүрүү боло турганын баяндаган. Кабарда Эрдогандын дагы чоң-чоң жаңы долбоорлорду түзө турганы баса белгиленген.
«Йени шафак» гезити «Дагы эле балдар жапа чегүүдө» баш сөздүү кабарында ок атууну токтотуу аракеттери натыйжасыз болгонгондон кийин кол салууларын уланткан Израилдин дагы эле балдарды бомбалап жатканын белгилеген. Гезит Израилдин согуштук учактарынын абадан кол салуусунда 13 жаштагы бир баланын каза тапканын, 3 кишинин жаракат алганын баяндаган. Кабарда Израилдин 7-июлдан берки кол салууларында каза тапкандардын саны 1918ге жеткени сөз кылынган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар