Түрк басма сөзү 10.08.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

85821
Түрк басма сөзү 10.08.2014

«Сабах» гезити «Мына демократия» аттуу кабарында Түркиянын бүгүн демократия жагынан тарыхый окуяга күбө болгонун белгилеген.
Гезит шайлоо участкаларынын алгач ирет эл шайлай турган президент үчүн курулганын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Азербайжандык ардагерлер Анкарада» деген кабарында Армения менен чек арадагы атышууларда жаракат алган 3 Азербайжан аскеринин премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен Анкарага алынып келингенин жазган.
Гезит Саламаттык сактоо министрлигинин тез жардам учагы менен Түркияга алынып келинген аскерлерди вице-премьер Эмруллах Ишлердин тосуп алганын баяндаган.
«Хүррийет» гезити «Газада жан бергендер 2 миңге жакындады» аттуу кабарында Израилдин «коргоочу сызык» аттуу операциясы экинчи айга киргенде Газада 72 сааттык ок атпоо режиминин жума күнү аякташынан кийин башталган кагылышууларда каза болгондордун саны 2 миңге жакындаганы белгиленген.
«Миллийет» гезити «Халебде базарга баррель бомбасы түштү» деген кабарында Сириянын Халеб шаарында армияга таандык бир тик учактын базарга баррель бомбасын таштаганы белгиленген. Гезит кол салууда кеминде 30 кишинин каза болгонун белгилеген.
«Хүррийет» гезити «Мусулман агайындарга дагы бир тыюу салуу» деген кабарында Египетте Жогорку административдик соттун Мусулман Агайындар уюмунун саясий канаты Эркиндик жана адилеттик партиясынын жабылышына өкүм чыгарганын жазган.
Гезит Мусулман Агайындар уюмунун өзүнүн 2013-жылы сентябрь айында сот өкүмү менен жабылганын эске салган. Кабарда акыркы өкүмдүн Мусулман Агайындардын шайлоолорго катышуусуна толугу менен тыюу салганы баса белгиленген.
«Стар» гезити «Түрк аба жолдору 11 жылда 14 эсе өстү» аттуу кабарында Түрк аба жолдорунун башкаруу кеңеши жана аткаруу комитетинин төрагасы Хамди Топчунун Түрк аба жолдорун 2003-жылы 1 миллиард 200 миллион доллардык сатуусу менен өткөрүп алгандарын, бүгүн өнөктөштөрү менен бирге 17 миллиард 500 миллион доллардык сатуусу болгон фирмага айланганын айтканын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Убагында учуу рекорду» аттуу кабарында Түркиянын өткөн жылы ортого салган жарандык авиациядагы ийгилигинен Асмандагы каттамдардын коопсуздугу боюнча европалык уюмдун (EUROCONTROL) 2013-жылдагы ийгилик отчетунда мактоо менен сөз кылынганы белгиленген.
Гезит отчетко ылайык «Ататүрк», «Сабиха Гөкчен», Анталья жана «Эсенбога» аэропортторунун жогорулап бараткан графигине көңүл бурганына токтолгон.
«Ватан» гезити «Шаркыратма туризми» деген кабарында Ризеде туризм жерлерине эми шаарда жалпы саны 100гө жакындаган шаркыратмалардын да кошулганын баяндаган.
Гезит суу аккан жарларда пайда болгон жана табигый жакузини элестеткен көлмөлөргө барып сергиген туристтердин жапжашыл табиятты жана пейзажды моокуму кангыча карагандарын белгилеген..


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар