Түрк басма сөзү 9. 08. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

84658
Түрк басма сөзү 9. 08. 2014

«Йени шафак» гезити «Ибрахимди атышты» деген маалыматында Израиль армиясынын 72 сааттык ок атууну токтотуунун соңуна чыгуусу менен Газада отурукташуу жерлерине бомба жаадырганын белгилеген. Гезит кыргынды калган жеринен уланткан Израиль учактарынын мечитке жасаган абадан кол салуусунда Ибрахим ед – Девасе аттуу бир баланын каза болгонун жазган.
«Сабах» гезити «Обамадан ИШИДге алгачкы бомбалар» деген маалыматында Иракта ИШИДдын Эрбилге карай жылуусунун АКШны аракетке өткөргөнүн белгилеген. Гезит Обаманын жоопкерчиликти берүүсүнөн кийин Перс булуңундагы ‘USS George H.W.Bush’ учак кемесинен учкан реактивдердин ИШИД буктумаларын 2 жолу бомбалагынын белгилеген. Кабарда эки Ф – А 18ден атылган 250 килограммдык лазер бомбалардын ИШИД пулеметчусун жана 7 унаалык конвоюн бутага алганы маалымдалган.
«Хабер түрк» гезити «Аракандык балдар ачкачылыктан өлүп жатат» деген маалыматында Мьянмада буддист козголоңчулардан качып лагерлерге баш калкалаган Рохиньгия мусулмандарынын балдарынын тамак – аш жетишсиздигинен өлө баштаганын белгилеген. Гезит БУУнун Адам Укуктары Уюму даярдаган бир рапортко караганда Ракхина провинциясында буддист козголоңчулар чыгарган окуяларда 280 кишинин каза болуусу менен үйлөрүн таштап кеткен 140 миң мусулман баш калкалаган лагерлерде ушул күнгө чейин 10дон ашуун баланын ачкачылыктан өлгөнүн маалымадаган. Кабарда миңге жакын баланын да тамак – аш жетишсиздигинен башка ар түрдүү ооруларга чалдыкканы жазылган. Маалыматта рапортто балдардын кээде бир кашык күрүч да таба албаганын баса белгиленип, БУУнун лагерлерде абалдын абдан оор экени, эл аралык жардамдын көбөйтүлүүсү керектигин жактаганы белгиленген.
«Акшам» гезити «Эртең тарыхый күн» деген маалыматында тарыхый шайлоого сааттардын гана калганын белгилеген. Гезит эртең биринчи жолу калктын президентти шайлоо үчүн добуш берерин жазган. 53 миллион шайлоочунун 165 миңден ашуун үкөктө добуш берери билдирилген маалыматта биринчи турда 50 пайыздан ашык добуш алган талапкердин Түркиянын 12 – президенти болорун жазган.
«Ватан» гезити «Курулуш материалдарынын экспорту 20 миллиард доллардан ашты» деген маалыматында Түркия курулуш Материалдары өнөр жайы коому даярдаган «Курулуш сектору жана курулуш материалдары өнөр жайы, 20147 – жылдын июль айындагы айлык сектор отчетунун» билдирилгенин жазган. Гезит экспорттун биринчи жолу май айында 2 миллиард доллардан ашканына көңүл бурган отчетто жылдык экспорттун 21, 78 миллиард доларга жеткенин билдирген.
«Стар» гезитинин спорт бетинен берген «Бешикташка Арсенал» деген маалыматында Чемпиондор лигасында Бешикташтын Месут Өзилдин формасын кийген англис команда Арсенал менен теңдешкенин белгилеген. Гезит УЕФА Европа лигасында Трабзонспорго орус Росто, Кардемир Карабүкспорго Мевлүт Эрдинч болгон француз St. Etienneнын атаандаш болгонун билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар