Түрк басма сөзү 8. 08. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

83764
Түрк басма сөзү 8. 08. 2014

«Акшам» гезитинин экономика бетинен берилген «Президент болуп шайлана турган болсом алдыңкылыгыбыз дагы экономика» деген маалыматында президентикке талапкер жана премьер – министр Р. Т. Эрдогандын ТОББдо өткөрүлгөн 7 – Түркия соода жана өнөр жай кеңешинде сүйлөгөн сөзүнө орун берген. Маалыматта Эрдоган президент болуп шайлана турган болсо экономика саясаттарында эч кандай өзгөрүүнүн болбой турганын айтканы белгиленген. Гезит Эрдогандын Түркиянын улуттук кирешесин 12 жылда 3 эседен ашуун өстүргөнүн жана 230 миллиард доллардан 830 миллиард долларга чыгарышкандарын белгилегенине көңүлдөрдү бурган. Маалыматта Эрдогандын : «Мындан кийин президент жана өкмөт катары бирдикте бул санды 2 триллион долларга чыгарабыз. Шайланган бир президент менен шайланган өкмөт биригип Түркияны дагы ылдам учурабыз»,- дегенин жазган.
«Миллийет» гезити «Түрк трактордон рекорд» деген маалыматында Түркиянын эң чоң трактор өндүрүүчүсү болгон Түрк трактордун өткөн жылы 1, 3 миллиард лира айландырганын белгилеген. Маалыматта Түрк трактордун генарлдык директору Марко Воттанын 2014 – жылдын биринчи жарымындагы акча айлануунун түзүлүшүнөн бери өткөн 60 жылдын рекордуна жетишкенин айтканы билдирилген.
«Миллийет» гезити «Багыт Измирге булурду» деген маалыматында Измир соода кабинетинин башкаруу кеңешинин төрагасы Экрем Демирташтын жылдын биринчи 7 айынын акырында Измирге 78 каттам менен 190 миң 28 круиз жүргүнчүсүнүн келгенин айтканын белгилеген.
«Стар» гезити «Дүйнөнүн бешинчи байы Көгүлтүр жүргүнчүлүккө чыкты» деген маалыматында 28 миллиард долларлык байлыгы менен дүйнөнүн бешинчи байы деп таанылган индиялык миллиардер Лакшми Митталдын яхтасы жана үй – бүлөсү менен кечээ Бодрумга келгенин белгилеген.
«Йени шафак» гезити «ИМФ Түркияда байрак алмашуу» деген маалыматында ИМФ Түркия директорлугу кызматын акыркы 4 жылдан бери аткарып келген Марл Левистин кызматын расмий түрдө жаңы директор Срикант Сесхадриеге өткөрүп бергенин жазган.
«Сабах» гезити «АКШда эбола сигналы эң жогорку деңгээлге чыкты» деген маалыматында эбола вирусунан улам АКШда эскертүүлөрдүн эң жогорку деңгээлге чыкканын белгилеген. Гезит жетекчилердин 2009 – жылдагы куш тумоосунан бери өлкөдө биринчи жолу эскертүүлөрдүн ушунчалык жогорку деңгээлге жеткенин билдиргенин баса белгилеген. Гезит эбола эпидемиясында ушул күнгө чейин Батыш Африкада жалпы 932 кишинин каза болгонун билдирген.
«Хабер түрк» гезити «Карабүк тарых жазды» деген маалыматында Кардемир Карабүкспордун Европа лигасынын 3 – алдыңкы тандоо турунда 0 – 0 реваншында норвегиялык Росенборг менен 1 – 1ге барабар болгонун белгилеген. Гезит Кардемир Карабүкспордун тарыхында биринчи жолу чыккан Европа аренасында плей – офко жогорулаганын жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар