Түрк басма сөзү 28. 07. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

73119
Түрк басма сөзү 28. 07. 2014

«Стар» гезити «Гүлдөн майрамдык коштошуу куттуктоосу» деген маалыматында президенттик кызматынан абдан жакшы маанай менен кетерин белгилеген Гүлдүн : «Өмүрүм боюнча калкка кызмат кылууну аллага кызмат кылуу катары көрдүм. Ушул эле түшүнүк менен калкыма кызмат кылууну улантам»,- дегенин билдирген.
«Йени шафак» гезити да президент Абдуллах Гүлдүн Рамазан майрамына карата куттуктоосун «Абдан жакшы маанайда кетип баратам» деген тема менен берген. Гезит «Адам укугу жана эркиндигин жактадым» деген маалыматында Гүлдүн : «Дайыма демократияны, укуктун үстөмдүгүн жана адам укугу менен эркиндигин жактадым. Бөлүүчүлүк кылбастан баарын кучактадым»,- деген сөздөрүн баса белгилеген.
«Миллийет» гезити «Сарай менен коштошуу, кызмат кылууну улантуу» деген маалыматында президент Абдуллах Гүлдүн «Калкым менен коштошуп жатам» деген билдирүүсүндө мындан кийин да ушул эле түшүнүк менен калкка кызмат кыларын айтып саясатка кирери боюнча белги бергенин билдирген.
«Хүррийет» гезити «Газа толкуну» деген маалыматында премьер – министр Р. Т. Эрдогандын майрамдык куттуктоосунда бул ыйык айда ислам дүйнөсүнүн кээ бир аймактарында кыйынчылыктардын да кем болбогонун баса белгилеп өзгөчө Газадан чыккан айкырыктардын жүрөк сыздатканын жазган.
«Сабах» гезити «Газалык жаралуулар Түркияга алып келинди» деген маалыматында Израилдин Палестинага карата жасаган кол салууларында жаралангандардын премьер – министр Эрдогандын жолдомосу менен дарылануу үчүн Түркияга алып келине баштаганын билдирген. Гезит жаралуулардын түрк аба жолдорунун тарифтүү каттамдары менен Каир аркылуу Стамбулга алып келингенин жазган.
«Хабер түрк» гезити «Газа үчүн израилдик кеңешчи менен биринчи байланыш» деген маалыматында Түркиянын Египет жана Израиль менен Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн байланыш ичинде болуп, кечээ күтүлбөгөн сүйлөшүүнүн болгонун билдирген. Гезит тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Феридун Синирлиоглунун Израилдин тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси менен сүйлөшүп Израил аркылуу Газага учак менен 17 тонна дары – дармек жардам берилиши тууралуу келишкенин билдирген.
«Хүррийет» гезити «чукул кеңешүү» деген кабарында премьер – министр Р. Т. Эрдогандын президенттик шайлоодон мурда ТОББдон чукул түрдө экономикалык кеңештин өткөрүлүшүн каалаганын билдирген. Гезит кеңештин шайлоодон үч күн мурда тактап айтканда 7 – августта өткөрүлөрүн жарыялаган. Гезит премьер – министр Эрдогандын кеңеште өнөр жай жана сооданын маселелерин угуп, экономикага байланыштуу да маалымат берерин баса белгилегенин билдирген. Гезит Эрдогандын кеңеште Г - 20дан мурда ТОББ тарабынан түзүлгөн Б – 20 палтформасы тууралуу да маалымат алары боюнча белгилегенин билдирген.
«Миллийет» гезити «Темир жолдору атайын жолунда» деген маалыматында транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Лүтфи Элвандын Түркия Республикасынын Мамлекеттик темир жолдорунун мамлекеттин монополиясынан чыгарыларын, өзгөчө жүк жана жүргүнчү ташуунун атайын кишилер тарабынан аткарылуусуна шарт түзүү үчүн иштешкендерин айтканына орун берген. Гезит Элвандын бул иштердин 2015 – жылы бүтөрүн белгилегенин да билдирген.
«Ватан» гезити «Түрк профессорунан бетке трансплатация» деген кабарында Германиянын Клиникум Бремен ооруканасынын пластикалык хирургия бөлүмүнүн шефи профессор Жан Жедидинин газдын жарылуусу менен бети толугу менен күйүп калган ирандык 26 жаштагы Фариба Марадиге жүз трансплатациясын жасаганын кабарлаган. Гезит Жедидинин Марадиндин жүзүн сулуулаштыруу үчүн маска жасашкандарын да айтканын билдирген.
«Хүррийет» гезити «Англияда бир түрк оркестры» деген маалыматында бир түрк оркестрынын биринчи жолу Лондондогу Промс концерттерине катышарын билдирген. Гезит Борусан филормония оркестрынын 29 – июлда ББСи Промс концерттеринде орун аларын белгилеген. Гезит Борусан филармония оркестрынын андан мурда да Салзбург фестивалында орун алган биринчи түрк оркестры болгонун эске салган.
«Сабах» гезити «Ирандын суреп лигасы Түркияда жолугушту» деген кабарында ирандык футбол клубдарынын лагери үчүн Анталья, Стамбул жана Болудагы комплекстерге келе баштаганын билдирген. Гезит Ирандагы 16 команда беттешкен Иран Про лигасынын 4 чоңдору болгон «Сепахан», «Саипа», «Истиклал», «Персеролис» сыяктуу командалардын Түркиядагы лагерлерде машыга баштаганын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар