Түрк басма сөзү 27.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

72384
Түрк басма сөзү 27.07.2014

«Йени шафак» гезити «Хиросима сыяктуу» аттуу кабарында 12 сааттык ок атпоонун Израилдин Газадагы кыргынынын деңгээлин көрсөтүүгө жеткенин белгилеген.
Гезит таш үстүндө таш калбаган Шежаиййенин АКШнын атом бомбасын таштаган Хиросимадан айырмасы жок экендигин жазган.
«Ватан» гезити «Парижде ок атпоо жыйыны» аттуу кабарында Түркия, Франция,АКШ,Италия, Англия жана Катардын тышкы иштер министрлеринин Израиль жана Хамастын эки жактуу түрдө кабыл ала турган ок атпоосун сүйлөшүү үчүн Франциянын борбор шаары Парижде чогулганын жарыялаган.
Тышкы иштер министрлердин «Ок атпоо узарсын» деген чакырык таштаганын белгилеген гезит, Израилдин мурда 4 саат андан кийин 24 саатка ок атпоону узартканын жарыялаганын баяндаган.
«Миллийет» гезити «Израилге каттамга тыюу салуу жоюлду» деген кабарында Жарандык авиация башкы директорлугунун Израилдин «Бен Гурион» аэропортуна каттамдарга тыюу салуунун учурдагы ок атпоо эске алынып экинчи бир буйрукка чейин жоюлганын жазган.
«Хабер түрк» гезити «Чек ара капкаларында добуш берүүлөр башталды» деген кабарында президенттик шайлоолору үчүн автожолу, аэрпорт жана порттордогу 42 бажыкана капкасында добуш берүүнүн кечээ саат 8:00де башталганын жазган.
Гезит шайлоо календарын карасак бажы капкаларында добуш берүү процедурасынын 10-августка чейин улана турганын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «ТҮБИТАКтын жаңы проекти» деген кабарында Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөөлөр мекемесинин (TÜBİTAK) Электроникалык согуш поту проекти жана F-16 согуштук учактардын, кыймыл убагында душман радарлары жана абадан коргонуу системаларына каршы дагы коопсуз абалага келе турганын белгилеген.
Гезит жергиликтүү өнөр жай өндүрө турган системанын наркынын орто эсеп менен 135 миллион лира боло турганын маалымдаган.

«Стар» гезити «Эрдоган гол кигизди» деген кабарында премьер-минстр Режеп таййип Эрдогандын кечээ Стамбулдун Башакшехир районунда «Фатих Терим» стадионунун ачылышын жасагандан кийин 12 номердүү формасы менен сары-кызыл командада оюндун жарымына чейин ойногонун баяндаган. Эрдогандын удаама-удаа 3 гол киргизип «Hat-trick» жасаганын, аягынын сырты жана өткөрүү тебүүлөрү менен професионалдуу футболчулардан кемкалбаганын белгилеген гезит, оюнду сары-кызыл команда 9-4 эсебинде утуп алганын билдирген.
«Хабер түрк» гезити да «Эмел дүйнө үчүнчүсү» деген кабарында улуттук ядро ыргытуучу спортчусу Эмел Дерелинин АКШда өткөрүлгөн Дүйнөлүк жаштар атлетизм чемпиондугунда коло медалга ээ болгонун жарыялаган.
Гезит Дерелинин 16,55 метрдик ыргытуусу менен дүйнө үчүнчүсү болгонун белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар