Түрк басма сөзү 26. 07. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

71690
Түрк басма сөзү 26. 07. 2014

 

 

 

 

Гезиттердин интернет баракчалары Израиль менен Хамастын арасында бүгүн эрте менен Түркия убактысы боюнча саат 7ден баштап 12 сааттык ок атууну токтотуунун жарыяланганын билдирген.
«Йени шафак» гезити «Палестина жана Израиль 12 саат үчүн ок атууну токтотуу боюнча келишти» деген маалыматында палестиналык каршы чыгуучулар менен Израилдин, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун 12 сааттык ок атууну токтотуу талабын кабыл алганын билдирген.
Гезит «Түркия жана Катар ыраазы» деген маалыматында да Израилдин Газага кол салууларынын токтотулуусу жана ок атууну токтотуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүү үчүн аракеттерин дагы да күчтөндүргөн Түркия жана Катардын 12 саат үчүн ок атууну токтотууга чакыруусунун кабыл алынышынан ыраазычылык билдиргенин белгилеген.
«Стар» гезити «Дин иштери төрагалыгынан Газага жардам берүү аракети» деген маалыматында дин иштери төрагалыгынын Израиль кол салуусу жана оор эмбарго астында абдан кыйын күндөрдү өткөргөн Газа үчүн жардам иш чараларын баштаганын жарыялаган.
«Хабер түрк» гезити «Жогорку ылдамдыктагы турмуш» деген маалыматында туннелдер бүткөндөн кийин Анкара – Стамбул ортосун 3 саатка түшүрө турган Жогорку ылдамдыктагы поезддин премьер – министр Эрдогандын катышуусу менен кызматка киргенин билдирген.
«Стар» гезити да «70 жылдык түш чындык болду» деген маалыматында премьер – министр Эрдогандын жогорку ылдамдыктагы поезд жолунун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө жогорку ылдамдыктагы поезддин Мармарай интеграциясы менен Азиядан Европага үзгүлтүксүз жүргүнчүлүктүн жасаларын айтканын билдирген.
«Йени шафак» гезити премьер – министр Эрдогандын Анкара станциясынан чыгарган жогорку ылдамдыктагы поезддин кээ кээде 255 километр ылдамдыкка жеткенин белгилеген жана жолдун 2015 – жылы Мармарай менен байланышарын жарыялаган. Гезит Эрдогандын 2017 – жылы Түркиянын улуттук жогорку ылдамдыктагы поездинин эми Эскишехирде өндүрүлөрүн айтканын белгилеген.
«Стар» гезити «Хорватияга карата визалар жоюлду» деген маалыматында Түркия менен Хорватиянын арасында 16 – майда кол коюлган виза келишиминин Расмий гезитте жарыялануу менен ишке киргенине көңүлдөрдү бурган. Гезит бүгүндөн баштап түрк жарандарынын 90 күндөн дагы көп калбоо шарты менен Хорватияга визасыз саякатка чыга аларын белгилеген. Гезит «Түркияда өкмөткө болгон ишеним эң чокусуна жетти» деген башка маалыматында Европа Биримдигинин салттык Eourobarometreдин Европа Биримдигине мүчө жана талапкер өлкөлөрдө жасаган изилдөөсүндө Түркияда өкмөткө болгон ишенимдин акыркы алты айда 16 балл бирден өскөнү ортого чыкканын баса белгилеген.
«Стар» гезити «Форд отосан Кытайга жүк ташуучу машина өндүрүү үчүн лицензия берет» деген маалыматында Форд отосандын башкы директору Хайдер Йенигүндүн дүйнөнүн эң чоң жүк ташуучу машина базары болгон Кытайга жүк ташуучу машина өндүрүү үчүн лицензия беришерин айтканын билдирген.
«Ватан» гезити ошол эле кабарды «Кытайда сатыла турган Форд киреше түшөт» деген тема менен берген. Форд отосан өндүргөн жүк ташуучу машиналардын берилген лицензия менен Кытайда өндүрүлүп сатыларын белгилеген гезит Форд отосандын сатылган ар бир машинадан 390 евро киреше кирерин билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар