Түрк басма сөзү 25. 07. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

70589
Түрк басма сөзү 25. 07. 2014

«Ватан» гезити «Мектепте кыргын» деген маалыматында Израилдин кечээ жаңы бир кыргынды ишке ашырганын белгилеген. Гезит БУУнун бомбаланбашы үчүн Израилге координаттарды бергени, баш калкалоо борборуна айландырылган мектептин Израиль танктарынын бутасы болгонун баса белгилеген. Маалыматта көпчүлүгү бала болгон ондогон кишинин сөөгү жана жүздөгөн жаралуунун бар экени билдирилген.
«Сабах» гезити «Палестиналык 72 миң бала травма жашап жатат» деген маалыматында Израиль кыргынында жаралангандардын үчтөн эки бөлүгүнүн балдар экенине көңүлдөрдү бурган Эл аралык Балдар Укуктары Уюмунун «Миңдеген баланын психологиялык жардамга муктаждыгы бар»,- дегенин билдирген.
«Йени шафак» гезити «Израиль сөзсүз соттолот» деген маалыматында Мерсин митингинде сөз сүйлөгөн премьер – министр Р. Т. Эрдогандын Израиль ушул бойдон кете турган болсо сөзсүз эл аралык сотто соттолорун айтканы жазылган. Гезит Эрдогандын : «Түркия катары бул үчүн күрөшөбүз»,- дегенин баса белгилеген.
«Акшам» гезити «Биржа Стамбул 14 айдын эң чокусунда» деген маалыматында Биржа Стамбул 100 индексинин кечээ 1, 17 пайыздык өсүү менен акыркы 14 айдан эң жогору болгонун белгилеген. Гезит индекстин күндү 970. 03 балл жогорулап 83 миң 824 балл менен аяктаганын белгилеген жана жалпы киршенин 3, 7 миллиард лира болгонун жазган.
«Стар» гезитинин экономика бетинде «Үч банктан алты айда 3, 7 миллиард так киреше» деген маалыматында түрк банктарынын жылдын биринчи жарымына таандык финансылык таблицаны билдире баштаганын белгилеген. Гезит азыркы учурга чейин алты айлык финансылык таблицаларды билдирген үч банктын үчөөсүнүн тең киреше тапканын жана үч банктын жалпы так кирешесинин 3, 7 миллиард лира болгонун жазган.
«Сабах» гезити «Турист саны рекордго карай баратат» деген маалыматында июнь айында Түркияга келген турист санынын өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 6. 41 пайызга өсүп 4 миллион 335 миң 75 кишиге жеткенин белгилеген. Гезит биринчи алты айда Түркияга келген турист санынын болсо 4, 73 пайызга өсүп 15 миллион 238 миң 221 болгонун жарыялаган.
«Миллийет» гезити «Англистердин түрк ашканасына болгон кызыгуусу» деген маалыматында интернет аркылуу соода сатык сайтынын жасаган иликтөөсүнө караганда англистердин барган сайын түрк тамак – аштарында колдонуучу каражаттарды сатып алганын белгилеген. Гезит Түркияны ар жыл зыярат кылган 2 жарым миллиондон ашуун англистин үйүнө кайтып жатканда тамак – аш мадниятын да ал кетишкендерин жазган.
«Хүррийет» гезити «Эки күндө эки рекорд» деген маалыматында профессионал эркин чумкугуч Шахика Эржүмендин мурунку күнү дүйнөлүк рекордго жетишкенин жарыялаган. Гезит Эржүмендин Антальянын Каш районундагы Хидайет булуңунун жакындарында кечээ эрте менен бутуна эч нерсе кийбестен жип менен эркин чумкуу категориясында 72 метрге чумкуп жаңы бир рекордго жетишкенин жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар