Түрк басма сөзү 23.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

67816
Түрк басма сөзү 23.07.2014

«Акшам» гезити «Газага жапа тырмак жардам» аттуу кабарында Израиль үстү ачык абакка айландырган Палестинага гуманитардык жардам багытында эң чоң колдоонун Түркиядан жасалганын белгилеген.
Гезит Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) 1-этапта 1 миллион доллардык азык-зат жана тез жардам материалдарын муктаждыгы болгондорго таркатуу үчүн иш-чараларын баштатканын баяндаган.
Гезит Премьер-министрликке караштуу апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) да Палестинага 1 миллион доллардык салым кошконун белгилеп, Түрк Кызылайынын болсо ушул убакка дейре 2 миң үй-бүлөгө азык-түлүк жеткирүү үчүн аракет кыла баштаганын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Качкындар менен ооз ачуу» аттуу кабарында президент Абдуллах Гүлдүн кечээ өлкөсүндөгү жарандык согуштан качып Малатияда баш паанек алган сириялыктар жашаган контейнер шаарчага барганын жазган.
Гезит Гүлдүн 7 миң 616 сириялык жашап жаткан контейнер шаарча туурасында жооптулардан маалымат алганын белгилеген. Кабарда сириялыктар менен бирге ооз ачкан Гүлдүн ооз ачуудан кийинки сөзүндө, «Азиз туугандарым» деген кайрылуу жасап, сириялык баш калкалоочулар менен ооз ачкандыгы үчүн ыраазы болгонун сөз кылганын баяндаган.
«Миллийет» гезити «Германияда түрк профессорго татыктуулук наамы ыйгарылды» деген кабарында Германияда Берлин техникалык университетинде менеджемент ишке ашыруулары жана телекоммуникация тармактарында агенттик технологиялары (Agent Technologies in Business Applications and Telecommuniation AOT) тармагынын куруучусу проф.др.Шахин Албайрактын Германия Федералдык Республикасына Эмгек сиңирүү ордени менен сыйлыктандырылганын белгилеген.
Гезит бул сыйлыктын Албайракка Германиянын билим берүү жана изилдөө министри проф.Йоханна Ванка тарабынан тапшырылганын баяндаган.
«Миллийет» гезити «Медиамагнаты Мердок Бодрумга якорун түшүрдү» деген кабарында дүйнөнүн эң бай медиа дөө-шааларынан австралиялык миллиардер, ишкер Руперт Мердоктун үй-бүлөсү менен бирге мурда күнү өзүнө таандык 70 метр квадраттык супер люкс яхтасы менен Мугланын Бодрум районуна келгенин белгилеген.
Гезит Мердок жана үй-бүлөсүнүн Эгей жээктерине эс алуу үчүн келгенин маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Король Мадридде» деген кабарында Бразилиядагы акыркы Дүйнөлүк кубоктун гол королу 23 жашындагы Жеймс Родригестин 80 миллион еврого Монакодон Реал Мадридге өткөнүн баяндаган. Гезит Родригестин жылда 7 миллион евро ала турганын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар