Түрк басма сөзү 22.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

66694
Түрк басма сөзү 22.07.2014

«Хүррийет» гезити «Газа үчүн 3 күндүк аза күтүү» аттуу кабарында вице-премьер жана өкмөт катчысы Бүлент Арынчтын Палестина менен колдошуу үчүн Түркиянын 3 күндүк аза күтүү жарыялаганын айтканын баяндаган.
Гезит Арынчтын Министрлер кеңешинин жыйынынан кийинки маалымат жыйынында, «Газада чоң трагедия болуп жатат. Бул тууралуу Министрлер кеңешибизде 3 күндүк аза күтүү жарыя кылынышына чечим чыгарылды»,-дегенин жазган.
«Ватан» гезити «Мыктуу кыргын» аттуу кабарында Газада көпчүлүгү аял жана балдардан турган жүздөгөн палестиналыкты өлтүрүп койгон Израилдин, жаңы кыргындарында окко окшогон 5-8 миң мык орун алган замбиректин огун колдонгонун белгилеген. Кабарда мындан мурда Газадагы Вефа ооруканасын бутага алып жарактан чыгарган Израилдин танкаларынын кечээ күнү Ал-Акса Шейиттери ооруканасын атканын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Кыргын оюну» аттуу кабарында 7-июлда башталган кургактык кыймылында жүздөгөн палестиналык каза болсо миңдегени да жаракат алганын баяндаган.
Гезит айрым Израилдин аскерлери жана ашкере оңчулдардын чек арадагы танкалардын алдында бийлеп жатып кыргынды белгилегенин билдирген. Кабарда айрыкча Израиль армиясынын эл аралык келишимдерге терс түшкөн фосфор жана мык бомбаларын колдонгонун, мык бомбасынын бөлүкчөлөрүнүн бетонду тешип өткүдөй түрдө кыйратуучу болгонун баса белгилеген.
«Стар» гезити «Петким рекордго киргидей ылдам түрдө ишкана салдырды» деген кабарында кыскача Петким деп аталган Петрохимия Холдинг акционердик коомунун Измирдеги пластмас иштетүүчү ишканасынын 5 ай сыяктуу кыска мөөнөттүн ичинде курулуп тейлөөгө киргенин белгилеген.
Гезит өндүрүшүн баштаган ишкананын ачылышын Азербайжандын экономика жана өнөр жай министри Шахин Мустафаев жана Азербайжандын мамлекеттик мунай зат фирмасы СОКАРдын төрагасы Рөвнаг Абдуллаев менен СОКАРдын башка жогорку башкаруучулары жасаганын баяндаган.
Гезит аземде сөз сүйлөгөн Азербайжандын экономика жана өнөр жай министри Шахин Мустафаевдин ишканада желбиреген Түркия жана Азербайжандын желектерин көргөндүгү үчүн абдан кубанганын айтканын билдирген. Кабарда Мустафаевдин СОКАРдын Азербайжандын тышындагы эң чоң инвестициясын Түркияга салышынын эки өлкөнүн ортосундагы туугандык карым-катнаштарынын эң жогорку деңгээлге жеткенинин белгиси болгонун кеп кылганы баяндалган.
«Миллийет» гезити «Дүйнөлүк гигант да келди» аттуу кабарында дүйнөнүн эң маанилүү унаа ижарага берүүчү маркасы болгон жана июнь айында Түркияда тейлөөсүн жүргүзө баштаган Enterprise тын 3 жылда 150 миллион түрк лирасындай инвестицияны пландаганын жазган.
Гезит Enterprise Түркиянын 2 миң 500 унаалык флоту, өлкө боюнча 46 кызмат жеринен тейлөөсүн кылса, 2015-жылдын акырына чейин кеңсе санын 60ка жетикире турганын белгилеген. Кабарда алдыдагы 3 жылда флот көлөмү 5 миң унаага жеткириле турганы маалымдалган.
«Акшам» гезити «Музыканын генийлери Сезенди табышты» деген кабарында мындан мурда Мрамор университетинин коммуникация факультетинин окуучуларынын диссертациясынын темасы болгон ыр чебери Сезен Аксунун бул жолу Түркия чегинен ашканын жазган.
Гезит «кичине чабалакей» каймана аттуу чебердин дүйнөнүн эң престиждүү музыка окуу жайы Berklee College of Musicтин ыр жазуу бөлүмүнүн окуучуларына изилдөө темасы болгонун маалымдаган. Кабарда окуучулардын эми Сезен Аксунун жашаган коомчулугун тааныганга жана ошончо көп ырларды кантип чыгарганын үйрөнүүгө аракет кылып жаткандарын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар