Түрк басма сөзү 21.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

65966
Түрк басма сөзү 21.07.2014


«Ватан» гезити «Кандуу күн» деген кабарында Израилдин Газа операциясынын эң кандуу күнүн өткөргөнүн баса белгилеген.
Кабарда абадан жана кургактыктан бомбаланган Шужаиййе көчөлөрүнүн аял жана балдардын сөөктөрүнө толгону жазылган. Израиль армиясынын 100 миң калктуу шаарды жер менен жексен кылганын билдирген гезит, шаардан качууга аракет кылган он миңдеген палестиналыктын жамгырдай жааган ок астында калганын баяндаган. Кабардын уландысында 85 миң газалыктын БУУнун көзөмөлүндөгү 6 мектеп жана ооруканаларга баш калкалагандары, бирок Израиль армиясынын бул жерлерди дагы бомбалаганына көңүл бурулган.
«Стар» гезити «Ок атууну токтотуу үчүн аракет кылуудабыз» баш сөздүү кабарында Палестинада ок атууну токтотуу үчүн аракет кылып жаткандарын билдирген премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын: «Палестина, Катар жана АКШ менен чогуу иш жүргүзүүдөбүз. Египет болсо чалгындоо кызматтары менен аракет кылууда. 2012-жылдагы ок атпоо жарыясынын деңгээлинде ишке ашырылышын сүйлөшүп жатабыз. Учурда эл аралык укук боюнча Израилдин жасаганы кылмыш. Мунун жазасы өтө чоң»,- дегени жазылган.
«Миллийет» гезити «Тынчтыктын баркын билгиле» деген кабарында Тынчтык жана Эркиндик майрамынын иш-чараларына катышуу үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына барган президент Абдуллах Гүлдүн, 1974-жылдын 20-июлунан тарта аралда 40 жылдан бери тынчтык жана бакубаттык өкүм сүрүп келе жатканын баяндаганын жазган. Кабарда президент Гүлдүн кипрдык түрктөргө: «Учурда өзгөчө Жакынкы Чыгыш менен Жер Ортолук деңизде кагылышуулар жана баш аламандыктар болуп жатканда мунун баркынын ар ким тарабынан билиниши керек»,- деп кайрылганы баяндалган. 

«Сабах» гезити «Боснияда курман болгондорго кайгылуу коштошуу» баш сөздүү кабарында Боснияда 1992-1995-жылдардын арасындагы согушта өлтүрүлгөн жана өлкөнүн эң чоң көрүстөнү болгон Томашицадан өткөн жылы чыгартылган сөөктөрдөн өздүк документтери аныкталган 284 кишинин сөөгүнүн кечээ өткөрүлгөн жаназа расмисинен кийин жерге берилгенин баяндаган.
Гезиттин кабарында ушул учурга чейин 20 миң босниялыктын сөөгүнүн табылганы, 7 миң 324 кишинин сөөгү болсо дагы эле дайынсыз экени белгиленген.
«Акшам» гезити «Мерседес-Бенц Түрк алгачкы 6 айды рекорддук деңгээлде жапты» деген кабарында Мерседес-Бенц Түрк акционердик коомунун директорлор кеңешинин жетекчиси Раинер Генестин жарыясында, 2014-жылдын биринчи жарымы үчүн Түркиянын автомобиль секторуна жана Мерседес-Бенц Түрктүн иштерине баа бергенин белгилеген. Кабарда Мерседес-Бенцтин иштеринин ийгиликтүү уланып жатканын билдиргени баяндалган.
«Хабер түрк» гезитинин спорт барагында «Босфор кысыгынан сүзүп өтүү» деген кабарында Самсунг материктер аралык сууда сүзүү жарышынын жыйырма алтынчысына 45 өлкөдөн 1749 сууда сүзүүчүнүн катышканын билдирген. Кабарда Хасан Эмре Муслуоглунун жарышты удаама-удаа беш жолу утуп алып рекордго жетишкени белгиленген.

«Хүррийет» гезитинин маданият-көркөм өнөр барагында жарыяланган «Чоң долбоордун түрк жылдызы» деген кабарында Кытайдын эң кымбат кинотасмасы Дракон Бледге түрк оюнчунун да катышканын маалымдаган. Кабарда башкы ролдорду Жеки Чан, Жон Кьюсак жана Эдриан Броуди ойногон кинотасмада Эмрах Йылмаздын да роль алганын билдирген. Кабарда Эмрах Йылмаздын бул роль үчүн 1200 кишинин арасынан тандалганы маалымдалган. 

«Миллийет» гезити «Жаш дөөлөр чемпион» аттуу спорт кабарында Түркиянын баскетбол боюнча жаштар курама командасынын Грециянын Крит аралында Испания менен беттешип 65-57 упай эсебинде утуп алганын жана жаштар арасында Европа чемпиону болгонун жазган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар