Түрк басма сөзү 20.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

65221
Түрк басма сөзү 20.07.2014

«Йени шафак» гезити «Оручундуу 3 күн» аттуу кабарында Израилдин эки жумадан бери абадан жана кургактыктан бомбалап жаткан Газада адамзаттык трагедиясы тереңдеп кеткенин жазган.
Гезит шаарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, суу берилбей калганы, дары-дармектер түгүнгөнүн белгилеп, жооптуулардын шаарда «орчундуу 3 күнгө киргенине» көңүл буруп жардам талабын кылганын баяндаган.
«Миллийет» гезити «Газалык балдар үчүн ок атпоо жарыя кыл» деген кабарында Израилдин операцияларында 80дей бала каза тапканын жазган. Гезит эл аралык жана палестиналык бейөкмөт уюмдардын Газада каза тапкан балдардын санындагы өсүүгө көңүл буруп, шашылыш түрдө ок атпоо чакырыгын таштаганын баяндаган.
«Хабер түрк» гезити да «Анкаранын ок атпоо планы» деген кабарында Анкаранын Газа кыргынынын токтотулушу үчүн жана аймакта туруктуу тынчтыктын түзүлүшү үчүн жол картасын чийгенин белгилеген.
Гезитке кайрылсак Анкара бул 5 беренени сунуштайт: операция токтотулусун, туруктуу ок атпоо болсун, Газа курчоосу жоюлсун, жардам үчүн порт бөлүнсүн, аба мейкиндигинде коридор ачылсын жана Шалид айырбаштоосундагы 59 палестиналык эркин кое берилсин.
«Хүррийет» гезити «Акыркы сапар наамы» аттуу кабарында президент болуп шайланган 2007-жылда алгачкы сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган президент Гүлдүн пландалган акыркы чет өлкөгө сапарын да Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаганын жазган.
Гезит Гүлгө президент Эроглу тарабынан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эң жогорку наамы Мамлекеттик наам ыйгарылганын маалымдаган.
«Ватан» гезити «Аэропорт байланышын көбөйтүүдө Европанын алдыңкы орунундабыз» деген кабарында транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Лүтфү Элвандын Түркиянын авиацияда дүйнөнүн эң маанилүү актерлорунун арасынан орун алганын белгилегенин жазган.
Гезит Элвандын 44 Европа өлкөсүндөгү 461 портту камтыган отчетко ылайык Түркиянын 2004-20174 мезгилинде аэропорт байланышын өстүрүүдө Европанын алдыңкысы болгонун айтканын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Волейболдо Түркия Европа чемпиону болду» деген спорт кабарында Түркиянын «А» улуттук волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Европанын волейбол конфедерациясы (СEV) тарабынан уюштурулган Европа лигасынын финалынын реванш беттешүүсүндө Германияны 3-1 эсебинде утуп алып, тарыхында алгач ирет Европа лигасынын чемпиону болуунун кубанычына бөлөнгөнүн жазган.
Гезит Түркиянын «А» улуттук волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын алдыдагы FIVB Дүйнөлүк лигасына түздөн-түз катышуу укугуна ээ болгонун белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар