Түрк басма сөзү 19. 07. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

64239
Түрк басма сөзү 19. 07. 2014

«Стар» гезити «Израилди макулдашуу ачуулантты» деген кабарында Түркияга келген Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Aббастын президент Абдуллх Гүл менен жолугушуусуна орун берген. Гезит Гүл жана Аббас биргелеше жасаган маалыматта Израиль кол салууларынын бутасында Палестинада Хамас жана Фатхтын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун бар экени баса белгиленгенин жазган. Маалыматта маалымат жыйында Палестинада биринчи болуп ок атууну токтотуу андан кийин туруктуу чечүүчү жолдун табылуусу керектиги баса белгиленгени билдирилген.
«Йени шафак» гезити «Нормалдашуу мүмкүн эмес» деген маалыматында премьер – министр Р. Т. Эрдогандын Газада «мамлекет террорун» жүргүзгөн Израиль менен карым – катнаштардын нормалдашуусунун мүмкүн эмес экенин айтканын жазган. Гезит Эрдогандын : «Израиль азыркы учурда кыргын кылып жатат. Израиль дүйнөдө тынчтыкты коркуткан өлкө. Жеке мен бул кызматта турган мезгилде эч качан Израиль менен оң нерселерди ойлой албаймын»,- дегенин билдирген. Гезит Газадагы кыргын тууралуу Израилдин коргонуу укугу деп колдоо берген Европа жана АКШга да катуу каршы чыккан Эрдогандын : «Булар чын көңүлдөн мамиле кылып жаткан жок. Жаңы крестүүлөр союздаштыгы менен бетме – бет келип турабыз»,- дегенин билдирген.
«Хабер түрк» гезити «Түркия бир жүрөк» деген маалыматында Газа операциясынын Түркияны кыймылга өткөргөнүн жазган. Гезит өлкөнүн төрт тарабында Израилди протест кылган митингдердин өткөрүлгөнүн, Түркия Жогорку Улуттук Парламентиндеги төрт партиянын да биргелешкен билдирүү менен Израилдин кургактыктан жасаган кыймылын катуу тил менен айыптаганын жазган. Гезит билдирүүдө : «Кыргынга айланган кол салуулар кечирилгис адамзаттык кылмыш. Израиль газалыктарды жок кылып жатат. Түркия Жогорку Улуттук Парламенти катары палестиналык боордошторубуздун жанында болууну улантарыбызды билдиребиз»,- деп айтлагынан жарыялаган.
«Миллийет» гезити «Тропикалык аба жолдору» деген маалыматында немис авиациясынын эң чоң фирмасы Луфтансанын түрк аба жолдору менен бирге жаңы бир аба жолу фирмасын куруп Мальдивлер,Маврикий жана Сейшель аралдары сыяктуу тропикалык аралдар менен Лас Вегаска арзанга немис туристтерди алып барууну каалаганын жазган. Гезит 2015 – жылы уча баштай турган аба жолунун жети учагынын болорун белгилеген.
«Миллийет» гезити «Бейиште жылаңайлак принцесса» деген кабарында Таиланд королдугунун мураскери Маха Важралнгкорндун улуу кызы принцесса Лаха Бажракитиябханын коштоосундагы делегация менен бирге Памуккалени кыдырганын билдирген. Гезит травертиндерди кыдырган жана фото сүрөттөргө түшкөн принцессанын байыркы Иерополис шаарына суктанганын айткан принцессанын көрсөтүлгөн меймандостуктан улам рахмат айтканын жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар