Түрк басма сөзү 18. 07. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

63928
Түрк басма сөзү 18. 07. 2014

«Ватан» гезити «Тамашалап жаткандай» деген маалыматында Газа пляжында топ ойногон 4 палестиналык баланы өлтүргөн Израиль армиясынын : «Күнөөсүз жарандар каза болсо бул бир трагедия»,- дегенин баса белгилеген. Кабарда Израилдин кол салууларына дүйнө каршы чыгып, кечээ түшкү сааттарда «Израиль жана Хамас ок атууну токтотуу үчүн келишти» деген кабардын жайылганы, бирок кыска убакыттан кийин тараптардын ок атууну токтотууну жалганга чыгарганын жарыялаган. Түнкү сааттарда Израилдин прмьер – министри Нетаньяхунун «армияга кургактыктан кыймыл кылууга жолдомо бергенин» жарыялаганын билдирген гезит 50 миң Израиль аскеринин кургактыктан Газага киргенин белгилеген.
«Йени шафак» гезити «Кыйналып жатышса да эч кимге жалбарышпайт» деген маалыматында Газада Израиль кол салууларында жараланган миңдеген кишини дарылаган норвегиялык дарыгер Мадс Гильберттин маалыматына токтолгон. Гезит Гильберттин : «Каза болгондордун көпчүлүгү балдар менен аялдар. Бул кол салуулар Газа калкын күчсүздөнтүү, алардын чыдамдуулугун жок кылуу үчүн жасалууда. Палестиналыктар кыйналып жатышат бирок жалбарышпайт. Көптөгөн жылдар эзилген Газа калкы бул кризисте да биримдик менен күчтүү турушат»,- дегенин билдирген.
«Стар» гезити «Газа баарыбыз үчүн уялтуучу абал» деген маалыматында Стамбулда өткөрүлгөн «Дүйнөлүк ислам илимпоздорунун тынчтык, бейкутчулук жана чыдамдуулук инциативи» жыйыны үчүн келген коноктордун урматына берилген ооз ачуу тамагында сөз сүйлөгөн президент Абдуллах Гүлдүн билдирүүлөрүнө орун берген. Гезит Гүлдүн баарынын алдында : «Газада болуп жаткандар абдан чоң уялтуучу абал. Буларды токтотуу үчүн ислам дүйнөсү оболу өзүн кароосу керек жана күчтүү колдошууну көрсөтүүсү керек»,- дегенин билдирген.
«Хабер түрк» гезити «Кайдасың ислам дүйнөсү» деген маалыматында премьер – министр Р. Т. Эрдогандын дин иштеринин төрагалыгы тарабынан Стамбулда өткөрүлгөн «Дүйнө ислам илимпоздорунун тынчтык, бейкутчулук жана чыдамдуулук инциативи» жыйынына катышканын белгилеген. Гезит жыйындын ачылуу сөзүн сүйлөгөн Эрдогандын Израилдин Газага карата кол салууларга каршы үнсүз калган ислам дүйнөсүнө кайрылуу менен буларды айтканын билдирген : «Дүйнө да унчукпайт, Батыш да унчукпайт, тилекке каршы ислам дүйнөсү да унтукпайт. Кайдасың ислам дүйнөсү дегим келет. Оболу сен өз ичиңде бул ишке кийлигишпесең башкалар эмне кылсын?»
«Сабах» гезити премьер – министр Р. Т. Эрдогандын Стамбулда өткөрүлгөн «Дүйнөлүк ислам илимпоздорунун тынчтык, бейкуттук жана чыдамдуулук инциативи» жыйынында БУУмун катуу сынга алганын белгилеген. Гезит Эрдогандын Палестинада системалуу түрдө кыргындын жасалганын белгилеп : «БУУ тынчтыкка кызмат кыла турган структурада эмес. Себеби мусулмандардын өкүлү жок»,- дегенин жазган.
«Йени шафак» гезити «Газага 15 миң пакет жардам» деген маалыматында вице – премьер Эмруллах Ишлердин Түркиянын Газада жардам тарката баштаганын, ар бири бир үй – бүлөнүн бир айлык муктаждыгын камсыз кыла турган 15 миң азык – түлүк пакетинин жуманын акырына чейин таркатыларын айтканын билдирген. Гезит Түркиянын премьер – министр Р. Т. Эрдогандын жолдомосу менен Газага жардам бергенин белгилеген.
«Акшам» гезити «ИМФге түрк директор» деген маалыматында Түркиянын тарыхында биринчи жолу ИМФ аткаруу директорлору кеңешинде түздөн түз өкүл катары катышарын белгилеген. Гезит азыр да Австрия тарабынан жүргүзүлгөн аткаруу директорлугунун 1 – ноябрдан баштап Түркияга өтөрүн жазган. Кабарда кызматка казына кеңешчиси Ибрахим Чанакчынын дайындалганын жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар