Түрк басма сөзү 17.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

132447
Түрк басма сөзү 17.07.2014

«Хабер түрк» гезити «Израиль пляжда ойногон төрт баланы өлтүрдү» аттуу кабарында Израилдин Газада пляжга кол салуусунан 4 баланын каза тапканын жазган. Гезит кол салуу башталгандан бери каза болгон балдардын санынын 40тан ашканын белгилеген.
«Сабах» гезити «Брошюра менен кыргын жарыясы» аттуу кабарында кечээ эртең менен Израилдин учактарынын Чыгыш Газага брошюра жаадырганын билдирген. Гезит брошюралар жана телефон аркылуу жасалган чакырыктарда аймактагы 100 миң кишиге, «Операция баштатабыз, үйүңүздөн чыгыңыз» деген эскертүү орун алганын баяндаган. Кабарда көчөлөргө чыккан миңдеген палестиналыктын кайда баш калкалаарын билбегени баса белгиленген.
«Хүррийет» гезити «Газада ооруканалар да бутага алынат» аттуу кабарында ийгиликсиз ок атпоо киришүүсүнөн кийин Израилдин Хамастын жогорку жооптууларына таандык үйлөр да арасында болгон 35 имаратты бутага алганын жазган.
Гезит ал эмес мунжу жана комадагы оорулуулар жаткан Вефа ооруканасына дагы «чыккыла» деген эскертүү жасалганын маалымдаган.
«Ватан» гезити кабарга «Израиль согуш кылмышын кылууда» деген тема коюп, Израилдин «Гаарец» гезитинин жазуучусу Гидеон Левинин Газада бир мектеп жана оорукананы бомбалаган Израиль армиясын сындаганын белгилеген. Гезит Левинин Израилдин жарандарды бутага алган кол салуулары менен согуш кылмышын кылганын белгилегенин маалымдаган.
«Стар» гезити «Нидерландия Сребреница кыргынында күнөөлүү болуп чыкты» аттуу кабарында Нидерландия сотунан 1995-жылы болгон Сребреница кыргынында 300 босниялыктын өлтүрүлгөнүнө Нидерландиянын жооптуу болгонуна өкүм чыгарылганын маалымдаган.
Гезит соттун нидерландиялык тынчтык күчү аскерлеринин босниялык сербдер тарабынан курчалган мусулмандарды коргобогонун билдиргенин баяндаган.
Сребреница кыргыны убагында 7 миңден ашуун кишинин каза болгонун белгилеген гезит, Сребреницанын 2-Дүйнөлүк согуштан кийин Европадагы эң чоң кыргын катары тарыхта калганына көңүл бурган.
«Ватан» гезити «BRICS IMFке атаандаш банк түздү» деген кабарында Бразилия,Орусия,Индия,Кытай жана Түштүк Африкадан турган BRICS өлкөлөрүнүн лидерлеринин 100 миллиард доллардык жаңы өнүгүү банкын жана Эл аралык Валюта Фонду (IMF) менен Дүйнөлүк банк сыяктуу мекемелерге окшош түрдө кыймыл кыла турган валюта резерви фондунун түзүлүүсү темасында макулдашкандарын белгилеген.
Гезит Бразилиянын мамлекет башчысы Дилма Руссефф BRICS лидерлеринин Фоталеза декларациясына кол коюусунан кийин сүйлөгөн сөзүндө, жаңы өнүгүү банкынын борборунун Шанхай, жогорку башкаруучусунун Индияда жана регионалдык кеңсесинин Түштүк Африкада боло турганын жарыялаганын маалымдаган.
«Стар» гезити «Месуттан Газага 450 миң евро» аттуу кабарында Германиянын түрк тектүү оюнчусу Месут Өзилдин дүйнө чемпиондугунан алган премиясын Газага которгонун баяндаган.
Гезит жылдыз футболчунун федерациядан алган 300 миң еврого 150 миң евро кошуп 450 миң евролук кайрымдуулук жасаганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар