Түрк басма сөзү 15.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

129706
Түрк басма сөзү 15.07.2014

«Йени шафак» гезити «Тозоктун планы» деген кабарында Газага бир жумадан бери өлүм огун жаадырган жана күн сайын ондогон карапайым палестиналыкты шейит кылган Израилдин бул сапар бала, аял,кары-картаң дебестен жапырт кырып «геноцид планын» процесске киргизгенин баяндаган.
Гезит суусуздук, ачкачылык жана оору менен кыргынга салууга даярданган Израиль армиясынын кургактык кыймылынын алдында 1 миллион 700 миң газалыкты жашаткан суу тазалоочу ишканалар, электр жана канализация желелерин кыйратканын белгилеген. Ооруканаларда дары-дармек түгөнүп жаралуулар бир-бирден өлүп жатканына көңүл бурган гезит, Газанын 75 пайызынын электр жарыгысыз калганын маалымдаган.
«Стар» гезити «жетимдердин саны 62 миңге жетти» аттуу кабарында Дамасктын жетимдери коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы Абдуллах Девримдин маалымдоолоруна токтолгон. Гезит Девримдин жарандык согуш уланып жаткан Сирияда жетим санынын 62 миңге жеткенин айтканын белгилеген.
«Хабер түрк» гезити «Франция жана Түркиянын карым-катнашы сүйүү сыяктуу» деген кабарында Франциянын 14-Июль Улуттук күнүнүн Түркияда да майрамдалганын жазган. Гезит майрамдоо аземинин Стамбулдун Бейоглу районундагы Франция сарайында баш консул Мюриэль Доменаканын кожоюндугунда өткөрүлгөнүн билдирген.
Гезит аземдеги сөзүндө Түркия менен Франциянын карым-катнаштары акыркы бир канча жылда оң баратканын белгилеген Доменаканын, ушул айдын акырында да Парижде эки өлкөнүн арасында «Кызматташтыкка карай стратегиялык план» жыйналышы өткөрүлө турганын маалымдаганын баяндаган. Кабарда баш консул Доменаканын Түркия жана Франциянын ортосундагы карым-катнаштарды «сүйүү» метафору менен сөз кылуунун туура болоорун түшүндүргөнүн кошумчалаган.
«Сабах» гезити «Автомобилдин изилдөө-өнүктүрүү базасы болобуз» аттуу кабарында Түркиянын автомобиль боюнча кошумча өнөр жайынын акыркы 5 жылда 1350 пайдалуу модель жана 250дөн ашуун патент чыгарганын белгилеген. Гезит экспорттогу үлүшүн да 14 пайыз катнашында арттырган сектордун, кудум эле автомобиль индустриясынын динамосу болгонун белгилеген.
«Миллийет» гезити «Түркияда абдан ылдам өскүбүз келет» деген тема коюп, Түркия базарында ылдам өсүүнү каалагандарын айткан Түркиядагы Пандоранын директору Анна Колленин, «Пандора Түркияда чоң потенцияны көрүүдө. Түрк кардарларынын жаш болушу, Пандоранын да ылайыктуу бааны сунушташы, базарда потенциал болгонунун эң чоң белгиси»,-дегенин баяндаган.
Гезит Колленин, «максатыбыз алдыбыздагы 6 айда 9 дүкөнгө жетүү»,-деп айтканына орун берген.
«Хүррийет» гезитинин экономика барагында чыккан бир кабарда бүткүл дүйнөдө 132 шаарды камтыган изилдөөгө токтолгон.
Анда изилдөөгө караганда Стамбулдун бүткүл дүйнөдө эң ылдам өскөн туризм шаарларынын арасында көңүлдү бурганын белгилеген.
Гезит быйыл Лондон жана Парижден кийин эң көп турист тарта турганы божомолдонгон Стамбулдун Европада үчүнчү дүйнөдө жетинчи чоң саякат шаары болгонун маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар