Түрк басма сөзү 14.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

128794
Түрк басма сөзү 14.07.2014


«Миллийет» гезити «Кандуу түндө 50дөн ашуун киши каза болду» баш сөздүү кабарында Израиль баштаган аскердик операциянын алтынчы күнүндө жүздөгөн кишинин өлтүрүлгөнүн белгилеген.
Гезит кабарында ишембиден жекшембиге караган түнү Газага атылган бомбалардын кесепетинен 50дөн ашуун кишинин каза болгонун билдирет. Кабарда Газанын түндүгүндөгү үйлөр тинтилип, ал аймак дагы бомбалана турганы айтылып, палестиналыктарды үйлөрүнөн чыгып кетүүлөрүн талап кылышканын белгилеген. Ал эми үйлөрүн таштап кеткендердин кээ бирлери БУУнун мектептерине баш калкалагандыгы айтылат.
«Йени шафак» гезити «Дүйнөдө каршылык көрсөтүлүүдө» деген кабарында Чилиден Түштүк Кореяга чейин, Испаниядан Афганстанга чейин миңдеген кишинин Израилди айыптаганын баса белгилеген. Гезитте АКШда Ак үйдүн алдында жана Сан-Францискодо каршылык акциялары өткөрүлгөнү жазылган. Ливиянын борбор шаары Триполиде да калктын Газага колдоо көрсөткөнүн баяндаган гезит, Франция болсо Израилдин ченемсиз күч колдонуп жатканын күнөөлөгөн. Кабарда Түрк Кызылайынын Израилдин аскердик операциясынан жабыр тарткан аймактарга азык-түлүк жөнөтө турганы маалымдалган.
«Йени шафак» гезити «Шейит болгондор эскерилди» баш сөздүү кабарында Босния согушунда шейит болгондордун жакындарынын Кравицадагы геноцид лагерин зыярат кылгандыгын баяндаган. Бул жерде, миңден ашуун босниялык өлтүрүлгөн лагерге зыяраттын кайгылуу өткөнү сөз кылынган.
«Стар» гезити «Шеварднадзе түбөлүк жайына узатылды» деген кабарында өткөн жумада каза болгон Грузиянын президенти Эдуа́рд Шеварднадзенин сөөгү мамлекеттик расмиден кийин жерге берилгенин билдирген.
«Хабер түрк» гезити «Экспорт аркылуу 10 пайыз өскөн автомобиль сектору рекордго жетишет» баш сөздүү кабарында түрк автомобиль өнөр жайынын жылдын алгачкы алты айында өндүрүш күчүн экспорт менен өнүктүргөнүн баяндаган. Кабарда өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу 10 пайыз өскөн бул сектордун жылдын аягында 1 миллион 190 миңден ашуун автомобиль сатып, рекордго жетишүүгө даярданып жатканын сөз кылынган.
«Сабах» гезити «Авиацияда тарыхый рекорд» деген кабарында Түркияда авиация секторунун өсүп баратканын маалымдаган.
Ушул эле гезиттин кабарында акыркы 10 жылда соода каттамдарынын санынын 168 пайыз өскөнүн баяндап, жалпы жүргүнчүнүн саны болсо 233 пайыз өсүп 150 миллион кишиге жеткени сөз кылынган.
«Хүррийет» гезитинин спорт барагында жарыяланган «Футболдун королу Германия» деген кабарында 2014-жылдагы Дүйнөлүк кубоктун финалында кошумча убакытта Марио Гетценин голу менен Аргентинаны 1-0 эсебинде утуп алган Германиянын Дүйнөлүк чемпион болгонун жана кубокту музейине төртүнчү жолу алып кеткенин белгилеген.
Кабарда бул жыйынтык менен алгач ирет бир европалык команданын Америка материгинде ойнолгон кубоктун финалын утуп алганы баса белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар