Түрк басма сөзү 13.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

127947
Түрк басма сөзү 13.07.2014

«Стар» гезити «Түркия Газага жардам берүүдө» аттуу кабарында Израилдин кол салуусунан кийин Түркия палестиналыктарга жардам бере баштаганын жазган.
Гезит премьер-мирнистрликке караштуу апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгынын, Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюумунун Палестинадагы кеңсесине дары-дармек жана медициналык материалдардын алынышы үчүн 1,5 миллион дорллар жибергенин маалымдаган.
Гезит Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) да Газага шашылыш түрдө 1 миллион доллардык азык түлүк жардамын бере турганын белгилеген.
«Хүррийет» гезити «Аббас келе жатат» аттуу кабарында Израилдин Газага карай операциялары боюнча Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын жума күнү Түркияга келишинин пландалганын баяндаган.
Гезит Гүлдүн чакыруусу боюнча бир күндүк сапар менен келе турган Аббастын премьер-министр Эрдоган жана тышкы иштер министр Ахмет Давувтоглу менен жолугушуусу күтүлүп жатканын белгилеген.
«Йени шафак» гезити «Жиптер үзүлдү» аттуу кабарында Иракта мазхапчыл саясат жүргүзүп сунниттерди четке каккан жана өлкөнү бөлүнүүнүн босогосуна алып келген премьер-министр Нури аль-Маликинин бу сапар күрттөр менен кагылыша баштаганын жазган.
5 күрт министрдин Багдаддагы кабинет жыйналышын бойкот кылуу чечимин чыгарганын белгилеген гезит, Ирак күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Месут Барзанинин да: «Маликиден тышкары жаңы өкмөт башчы керек. Андай болбосо Ирак кулайт жана бөлүнүп жарылат»-дегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «Суу астында финал машыгуусу» аттуу кабарында бүгүн кечинде Бразилияда боло турган дүйнөлүк кубоктун финалына көңүл бурула турганын жазган.
Гезит Германия менен Аргентина беттеше турган финал оюнунун Филиппиндин борбор шаары Маниладагы бир суу астындагы паркта сууга чумкугучтар тарабынан ойнолгонун белгилеген.
«Миллийет» гезити «Султандар лидер болуп бүтүрүштү» деген кабарында «А» улуттук волейбол командасынын кыз-келиндер арасында СЕВ Европа лигасынын «А» тобунун 6-бөлүмүндөгү акыркы оюнунуда Словенияны 3-0 эсебинде утуп алганын жазган.
Гезит өз тобун 27 балл менен лидер болуп бүтүргөн Түркиянын кыз-келиндерден турган волейбол курама командасынын финалда «В» тобунун лидери Германия менен шаршемби күнү беттеше турганын маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Спорт менен машыккандар дагы ийгиликтүү» аттуу кабарында АКШдагы Мичиган университетинин окумуштууларынын университеттин алгачкы эки жылында спорт залга мүчө болгон студенттердин мүчө болбогон сутденттерге салыштырмалуу дагы жогору баа алып бүтүрүшкөндөрүн белгилегендерин жаз


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар