Түрк басма сөзү 12. 07. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

126628
Түрк басма сөзү 12. 07. 2014


«Хабер түрк» гезити «Эрдогандын жолу» деген маалыматында премьер – министр Р. Т. Эрдогандын президенттик көз карашын билдиргенин жазган. Гезит жаңы Түркия үчүн Эрдогандын көз карашынын таянган үч негизги принциптин демократиялык саясат, ачык коом жана укуктук мамлекет экенин жарыялады. Маалыматта Эрдогандын максаттарынын арасында Түркияны дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн арасында орун алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү экенин баса белгиленген.
«Йени шафак» гезити «Израилге абдан катуу эскертүү» деген кабырында президент Абдуллах Гүлдүн Израилдин Палестинага каршы кургактыктан операцияга даярданганын көрүшкөндөрүн, мындай нерсеге уруксат беришпей турганы боюнча Израилди эскерткенине орун берген. Гезит БУУ жана эл аралык мекемелерди ишке чакырган Гүлдүн Түркия менен Израилдин карым – катнаштарынын нормалдашуусу үчүн бардык нерседен мурда бул кол салуулардын токтоосу керек деген билдирүүсүн берген.
«Стар» гезити» 19 жылдан кийин экинчи жолу коштошуу» деген маалыматында адамзаттык трагедия болгон Сребреница кыргынында каза болгон 175 бошняктын жаназа салтанатынын кайгыларды дагы да күчтөндүргөнүн жазган. Гезит 1994 – жылы сербдер жасаган кыргында өлтүрүлгөн бошняктардын жаназасы үчүн Поточориде мазарлардын казылганы, курмандыктардын жакындарынын көз жаштары менен дуба кылганын жарыялаган. Кабарда айрыкча Англия жана Германиянын Сребреница кыргыны үчүн биргелеш билдирүү жасап, Европада ондогон жылдардан бери болбогон чоңдукта кыргындын болгону, бул трагедиянын дагы бир жолу болушуна уруксат берилбеши керектигин баса белгилешкендерине орун берилген.
«Сабах» гезити Жер Ортолук деңизинде Испания, Греция, Мальта, Италия, Хорватия жана Черногория сыяктуу өлкөлөрдө порт иштеткен түрк деңизчилик фирмалырынын жаңы жерлеринин бири Скандинавия экенин жарыялаган. Гезит Швецияда эки портту алган Йылдырым холдингдин эми Норвегиянын эң чоң портторунун бирин кошуп алганына орун берген. Маалыматта деңизчиликте өнүгүүгө жетишкен түрк деңизчилик фирмаларынын максаттарынын арасында Африка жана Латын Америка портторун иштетүүнүн бар экени, он жылдын ичинде да дүйнөнүн эң чоң деңиз иштетүү фирмаларынын арасында түрк фирмаларынын да орун аларын белгиленген.
«Ватан» гезити Кембридж герцогиниясы Кейт Миддлтондун сиңдиси Пиппанын Стамбулга келерин жана Стамбул кысыгын сүзүп өтөөрүн ушул максатта Стамбулга келип айдын акырында боло турган “Bosphorus Cross-Continental Raceкага” катышарын жана кысыкта сүзөөрүн жарыялаган. Маалыматта Стамбул кысыгындагы сүзүү жарышынын 20 – июлда өткөрүлөрү боюнча маалымат да бөлүшүлгөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар