Түрк басма сөзү 11. 07. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

125325
  Түрк басма сөзү  11. 07. 2014

«Ватан» гезити» «36 саатта 400 тонна бомба» деген маалыматында Израиль армиясынын «Коргоочу жол» операциясынын алгачкы эки күнүндө Газага 400 тоннадан ашуун бомба атканын белгилеген. Гезит Израилдин 2012 – жылы сегиз күнгө созулган «Булут устуну» операциясында аткылаган бута санына 36 сатта жеткенине басым жасаган.
«Йени шафак» гезити «Газа үчүн чукул жыйналыш» деген маалыматында Израилдин Газага абадан жана деңизден кол салууну баштоосунан кийин Ислам Кызматташтык Уюмунун Аткаруу Комитетинин Сауд Арабстандын Жидда шаарында кезексиз жыйналганын белгилеген. Гезит жыйында Түркиядан катышкан вице – премьер Эмруллах Ишлердин Израилди Газага карата топ түрүндө жазаландыруу методу менен жүргүзүп жаткан кол салууларын дароо токтотууга чакырганын жазган. Кабарда премьер – министр Р. Т. Эрдогандын Израилдин кол салууларына дуушар болгон Газага чукул жардам берүү жолдомосун бергени белгиленген. Гезит премьер – министрлик булактарынан алынган маалыматка караганда премьер – министр Эрдогандын жолдомосу менен вице - премьер Эмруллах Ишлерге караштуу Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги ТИКА Газа үчүн чукул түрдө азык – түлүк жана дары – дармек жардамын берерин белгилеген.
«Акшам» гезити «ОЕСД болжолун 3, 3 пайызга жогорулатты» деген маалыматында ар эки жылда бир жарыяланган «Түркия Экономикалык Анкетасы» аттуу отчетто ОЕСДнин Түркиянын бул жылдын өсүү күтүүсүн 3, 3 пайызга чыгарганын билдирген. Гезит май айында жарыяланган экономикалык көрүнүш отчетунда бул күтүүнүн 2, 8 пайыз болуп ишке ашканын белгилеген. Маалыматта ОЕСДнин алдыбыздагы жыл үчүн Түркиянын 4 пайыздык өсөөрүнө байланыштуу болжолдорунда өзгөрүүнүн болбогону жазылган.
«Сабах» гезити «Демилгечиликте Европа биринчисибиз» деген маалыматында борбору Англияда болгон кеңешүү фирмасы тарабынан жасалган иликтөөгө караганда демилгечилик эң жогору болгон Европа өлкөсүнүн Түркия экенин жазган. Гезит ишкерлердин көргөн чаралары изилденген иликтөөдө Түркиянын дүйнөлүк масштабда экинчи орунда турганын белгилеген.
«Хабер түрк» гезити «Беш айда 15 миллион зыяратчы» деген маалыматында Түркиянын эң негизги туризм шаарларынын бири болгон Антальяда туризм сезонунун кыймылга келе баштаганын белгилеген. Гезит абанын абдан ысуусу менен бирге келген турист санында да өсүүнүн болгонуна басым жасаган. Жылдын биринчи беш айында Антальяга келген турист санынын өткөн жылдын ошол эле мезгилине карата өсүү көрсөткөнүн билдирген гезит 2013 – жылдын биринчи 5 айында Анталья аэропортуна келген жүргүнчү санынын 14 миллион 942 миң 545 деп белгиленгенин билдирип 2014 – жылдын ушул эле мезгилинде бул сандын 15 миллион 177 миң 712ге жекенин жазган.
«Ватан» гезити «Даяр бетончулар Стамбулга келет» деген маалыматында Түркия Даяр бетон Бирдигинин Европа Даяр Бетон Бирдиги 2015 конгрессин Түркияга алып бергенин баяндаган. Гезит Түркия Даяр бетон Бирдигинин дүйнөнүн алдыңкы өкүлдөрүн 2015 – жылдын 4 – 5 – июнунда Стамбулда тосуп аларын жазган.
«Миллийет» гезитинин спорт бетинен берген «Жаңы максат 2018» деген маалыматында Аргентина – Нидерландия жарым финал матчын ийгиликтүү башкарган Жүнейүт Чакырдын азыртадан жаңы максатын белгилегенин билдирген. Маалыматта Чакырдын 2018 – жылы Орусияда өткөрүлө турган Дүйнөлүк Кубокто финалды башкаруу үчүн иштей турганы белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар