Түрк басма сөзү 10.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

124667
Түрк басма сөзү 10.07.2014

«Йени шафак» гезити «мугалимдерин да унуткан жок» аттуу кабарында президенттикке талапкер жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын эртең Стамбулда жарыялай турган Көрүнүш документинин даярдыктары уланып жатканын жазган.
Гезит Түркиянын бардык катмарларын жолугуштура турган жыйналышка Эрдогандын саясаттагы жолдоштору менен катар 30 мугалими, мааладагы жолдоштору менен 7 аймактан 70 ишкер, Мармарай, Стамбулдун 3-аэропорту сыяктуу ири проекттердин инженер жана жумушчуларынан турган өкүлдөр катышаарын баяндаган.
«Миллийет» гезити «Газанын өлгөн балдары» деген кабарында Израиль армиясынын Газага карай абадан кол салууларында эки күндө каза тапкандардын саны 50дөн ашканын, жүздөгөн кишинин жараланганын белгилеген. Каза болгондордун арасында ондогон бала жана аялдар да бар экендигин белгилеген гезит, 2000-жылдан бери каза болгон балдардын санынын 1407ге жеткенин маалымдаган.
«Сабах» гезитинин экономика барагында чыккан «Абалыоглу АКШга ишкана курат» аттуу кабарында денизлилик Абалыоглу холдингдин АКШдагы алгачкы ишканасын кура турганы белгиленген.
Гезит 42 миллион доллардык инвестиция менен курула турган жез ишканасынын 300 кишиге жумуш орунун камсыздай турганын белгилеген.
Гезит Нью-Мексико штатындагы Санта-Тераза аймагында орун алган өнөр жай паркында курулушу пландалган ишкананын орто эсеп менен 24 миң чарчы метрдик аянтка курула турганын баяндаган. Кабарда ишкананын 2015-жылы өндүрүшүн баштай турганы белгиленген.
«Стар» гезити «65 миң кишини тосуп алат» деген кабарында, мебель жана жыгач иштетүүчү машиналары, мебель өндүрүүчү кошумча өнөр жайы жана токой чарба индустриясы тармактарында Түркия жана дүйнөнүн лидер фирмаларынын жолугушуучу жери «Жыгач иштетүүчү машиналар» жарманкесинин Стамбулда 27-сентябрдан-1-октябрга чейин өткөрүлө турганын маалымдаган.
Гезит 30 өлкөдөн 880 фирма жана фирма өкүлдөрү катыша турган жарманкенин, быйыл 12 пайызга өсүп 14 залда ачыла турганын белгилеген.
«Ватан» гезити «Экспорттолгон 100 унаадан 73ү ЕБне кетти» аттуу кабарында түрк автомобиль секторунун экспортунун жылдын биринчи жарымында Европа Биримдиги базарында өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу өскөнүн белгилеген.
Гезит өткөн жылдын январь-июнь мезгилинде автомобиль экспортунан түшкөн кирешенин 69,20 пайызынын ЕБ базарларынан алынса, 2014-жылдын ошондой эле мезгилинде бул сан 73,80 пайызга жогорулаганын малымдаган.
«Акшам» гезити «тангочулар финалда» аттуу спорт кабарында Дүйнөлүк кубокто Нидерландияны пенальтилерде жеңген Мессилүү Аргентинанын финалга жогорулаганын белгилеген.
Гезит Жүнейт Чакырдын болсо оюнду башкаруусу менен чоң актырууга ээ болгонун белгилеген.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар