Түрк басма сөзү 09.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

122995
Түрк басма сөзү 09.07.2014

«Йени шафак» гезити «Кыргын жолунда эркиндик жүрүшү» аттуу кабарында Сребреницада 19 жыл мурда 12 миңден ашуун босниялыктын серб зулумдугунан жылаң аяк качкан «Өлүм жолунда» дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнөн келген миңдеген кишинин жөө басканын белгилеген.
Гезит онунчусу өткөрүлгөн Тынчтык жүрүшү үчүн чогулган беш миң кишинин күнүгө орто эсеп менен 35 чакырым жолду басып өткөндөрүн маалымдаган. Гезит Тынчтык жүрүшүнүн 11-июлда Поточаридеги Эстелик көрүстөндө соңуна чыга турганын баяндаган.
«Стар» гезити «Газа бомбаланууда» аттуу кабарында Израилдин Батыш Шериада еврей отурукташкандардан 3 жаштын жансыз денелери табылгандан бери Газага тынымсыз ок жаадырганын билдирген.
Гезит Израилдин реактивдеринин алгачкы эле кол салуусунан 20 палетиналык каза тапканын белгилеп, Араб Лигасынын Бириккен Улуттар Уюмунун шашылыш жыйналышка чакырганын баяндаган.
«Хүррийет» гезити ошол эле кабарга байланыштуу «Израиль жандуу калкандарды атты» деген тема коюп, Израиль менен Хамастын ортосундагы чыңалуу күчөп кеткендигин жазган. Гезит Исламий жихат жана Хамастын аткан ракеталарына жооп иретинде Израилдин Газада 150 бутаны атканын жарыялаган. Кабарда Түркиянын Изриалдин кол салуусун токтотушун талап кылганына орун берилген.
«Акшам» гезити экономика министри Нихат Зейбекчинин январь айындагы Япония сапарында премьер-министр Эрдоган жана Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин буйругу менен күн тартипке келген «Экономикалык өнөктөштүк» келишимине байланыштуу техникалык сүйлөшүүлөрдүн бүтүрүлгөнүн билдиргенин жазган. Кабарда сүйлөшүүлөр жемиштүү өткөндүгүн белгилеген Зейбекчинин, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды күчтөндүрө турган келишим боюнча сүйлөшүү процесси кыска мөөнөттүн ичинде баштала турганын айтканын баяндаган.
«Стар» гезити «Жип менен жазылган алгачкы Куран Гиннеске талапкер» аттуу кабарында сириялык Мухаммед Махер Хадринин жиптер менен чүпөрөктүн бетине 12 жыл бою сайган Куран-и Керими Стамбулдун Башакшехир мэриясы тарабынан көрсөтүлө баштаганын баяндаган.
Гезит дүйнөдө жиптер менен саймаланган алгачкы Куран-и Керим болуу өзгөчөлүгүнө ээ болгон жана узуну 80, туурасы 60 см, ар бир тому 15 кг болгон чыгарманын Гиннеске талапкер болгонун маалымдаган.
«Хүррийет» гезити Түркиянын Европадан ашканын жана бардыгы 141 үйү менен материкте эң көп көк тиреген имаратка ээ болгон өлкө болгонун билдирген.
Гезит 100 метрден бийик имараттар кирген тизменин экинчи орунунда 116 көк тиреген имараты менен Орусия орун алганын маалымдаган.
«Сабах» гезити спорт барагында «Панзерлер Бразилияны тарыхка көмдү» деген кабарында Германиянын Бразилияны 7-1 эсебинде утуп алганын жазган.
Гезит 11-мүнөттө Мүллер менен башталган гол жамгырынын 29 мүнөткө келгенде 5ке жеткенин маалымдаган. Гезит Шүрленин оюндун экинчи жарымында киргизген голдору менен самбочулардын 7-1дик эсеп менен тарыхынын эң оор жеңилүүсүнө дуушар болгондорун белигилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар