Түрк басма сөзү 8. 07. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

122470
Түрк басма сөзү 8. 07. 2014

«Йени шафак» гезити «Мухаммедди өлтүргөн кишилерден моюнга алуу» деген маалыматында палестиналык жаш жигит Мухаммед Эбу Худайырдын Чыгыш Иерусалимде качырылуу менен өлтүрүлүсүнөн кийин камоого алынган алты шектүү кишиден үчөсүнүн кылмыштарын моюнга алганын белгилеген. Гезит Израиль «Га - Арец» гезитинин интернет сайтындагы кабарга караганда Худайрды өлтүрүшкөндөрүн кабыл алган кылмышкерлерге окуя болгон жерде полициянын коштоосунда жасаган кылмыштарын кайрадан көрсөтүп беришкендерин билдирген.
«Ватан» гезити «Аккан мусулман канын токтотууга аракет кылабыз» деген кабарында Ал Жазира телекөрсөтүүсүнүн Дин иштеринин төрагасы профессор Мехмет Гөрмез менен өткөргөн репортажга токтолгон. Гезит Гөрмездин : «Бул айдын 17синде Евразия аймагындагы бардык диний мекемелер менен кагылышуу аймагындагы өлкөлөрдүн илимпоздорун чакырдык. Аккан канды токтотууну каалайбыз»,- дегенин белгилеген.
«Йени шафак» гезити Грузиянын мурунку президенти Эдуард Шеварнадзенин 86 жашында каза болгонун белгилеген. Гезит Шеварнадзенин көп убакыттан бери дарыланып жатканын да белгилеген.
«Миллийет» гезити «Түрк досу жазуучу Манго менен коштошуу» деген маалыматында Ататүрк тууралуу жазган китептери менен таанылган англис тарыхчы жана жазуучу Андрев Мангонун мурунку күнү 88 жашында каза болгонун белгилеген. Гезит Стамбулда 1926 – жылы туулган Мангонун 1940 – жылдарда Англиянын Анкара элчилигинде басма сөздө иштегенин жазган. Гезит англис медиа мекемеси ББСде 14 жыл түрк тилинде берүүлөр бөлүмүн башкарган Мангонун эс алууга чыккандан кийин бат - бат Түркияга келгенин жана бардык эмгектерин Түркия тууралуу темаларга бөлгөнүн баса белгилеген.
«Стар» гезити «Пакистандан Түркияга поезд сапары» деген кабарында 2009 – жылы башталган бирок 2011 – жылы ар түрдүү себептер менен токтоп калган Түркия – Пакистандын ортосундагы контейнер поезддеринин кайрадан жолго чыгарын белгилеген. Гезит пакистандык булактардын иштерди ылдамдатканын белгилеп күтүлгөндөн дагы кыска убакта каттамдарын баштай турганын айтканын билдирген.
«Акшам» гезити экономика бетинде жарыялаган «Чет элдик банктардын кызыгуусу улантылат» деген маалыматында Италиянын UniCredit банкынын СЕОсу Федеррико Гиззонинин бир телекөрсөтүү каналына берген маегинде Түркияга карата чет элдик банктардын кызыгусунун улантылып жатканын айтканын белгилеген. Гезит Гиззонинин : «Түркия биз өсө турган 3 – 4 өлкөнүн бири. Башка чет элдик банктар да Түркиянын каалгасын кагат. Бул мааниде Интезанын да филиал ачуусун ыраазычылык менен кабыл алабыз»,- дегенин билдирген.
«Сабах» гезити «Түрк Ф – 16 таң калтырды» деген маалыматында Англиянын Уоддингтон шаарында Королдук Аба Күчтөрүнүн абада көрсөткөн чыгармачылыктарына катышып өз өнөрлөрүн көрсөткөн Түрк Ф – 16лардын англис медиасында абдан кенен орун алганын белгилеген. Гезит андан мурда « Эң жакшы учуу чыгармачылыгы» деген сыйлыкты алган Соло түрк тобунан бир Ф – 16нын төмөндөн учуусу менен аянттын жакынындагы көрүүчүлөрдүн таң калганын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар