Түрк басма сөзү 6.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

119653
Түрк басма сөзү 6.07.2014

«Хүррийет» гезити «Парижде башкача бир Түркия имиджи» аттуу кабарында Францияда жергиликтүү жана чет элдик бир топ даяр кийим фирмасы катышкан "Who's Next" Париж мода жарманкеси башталганын белгилеген.
Гезит быйылкы ардактуу коногу Түркия болгон жарманкеге, Түркиядан Вакко, Өзлем Сүер жана Мехтап Элаиди сыяктуу ысымдардан турган 50 чакты марка жана дизайнер катышканын жазган. Жарманкеде ар кайсы өлкөлөрдөн 2 миңден ашуун даяр кийим жана жабдыктардан турган маркалар орун алаарын маалымдаган.
«Миллийет» гезити «Кытайдын ири Түркия проекти» аттуу кабарында Кытай башкаруучулугунун Шиңжаң Уйгур Автономдук Аймагынан Түркияга чейин жете турган ылдам жүрүүчү поезд жолу үчүн 150 миллиард долларды бөлгөнүн баяндаган.
Гезит Кытайдын эң чоң локомотив жана вагон өндүрүүчүсү болгон CSRдин төрагасы Чжао Сяоян Шиңжаңдан баштап 6 миң чакырым узундуктагы ылдам жүрүүчү поезд багытынын Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран жана Түркияга жете турганын белигилеген.
«Акшам» гезити «Түркиядагы эмгектенүүлөр DMW'ye ECOSOC мүчөлүгүн алып келди» аттуу кабарында Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда ушул убакка дейре көпүрө милдетин аткарган Эл аралык Дипломаттар Биримдиги (DMW), көп жылга созулган аракеттеринин жемишин алганын баяндаган.
Гезит Эл аралык Дипломаттар Биримдигинин 3 жыл мурда кайрылган Бириккен Улуттар Уюмунун экономикалык жана социалдык кеңеши- ECOSOCго мүчөлүккө кабыл алынганын маалымдаган. Кабарда Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү менен катар Кипр маселеси, Франциядагы жалган армян геноцид мыйзам долбоору, Европадагы Исламга каршы чыгуу жана эң акырында Германияда өлтүрүлгөн түрктөр темасында кылган эмгектери менен көңүлдү бурган Эл аралык Дипломаттар Биримдиги дагы бир жаңылыкка жол башчылык кылганы баяндалган.
«Стар» гезити «1 миллион жергиликтүү турист эс алууну 15 күнгө батырды» аттуу кабарында Түркия саякат агенттиктери биримдиги (TÜRSAB) 2014-жыл үчүн Түркиянын туризм сезону боюнча отчетун жарыялагагын жазган.
Гезит акыркы жылдарда Рамазан айынын сезондун дал ортосуна туш келишинин таасири менен жергиликтүү туристтин тандоосу да экиге бөлүнгөнүн маалымдаган.
Гезит жергиликтүү туристтердин 28 пайызы, б.а. 1 миллион жергиликтүү турист 15-июнь-30-июль күндөрүнүн арасында эс алууга чыгаарын белгилеген. Кабарда экинчи кыймылдын болсо Рамазан майрамы башталган 27-июлдан мектептер ачыла турган 15-сентябрдын ортосуна чейин 6 жумалык мөөнөттө аткарыла турганы белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар