Түрк басма сөзү 5. 07. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

118585
Түрк басма сөзү 5. 07. 2014

«Миллийет» гезити «Электрде 7 миллиард лиралык чоң инвестиция» деген маалыматында Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыздын : «Өткөн жылы июнь айында 60 миң 121 мегаватт болгон Түркия жалпы кубаттуулук күчү 2014 – жылдын июнь айынын акырынан башта 11 пайыздык өсүү менен 66, 632 мегаваттка жетти. Станция саны ошол эле мезгилде 20, 4 пайызга өстү»,- деди. Өткөн күндө пландалган станцияларынын эми ишке кире баштаганына көңүлдөрдү бурган Йылдыз бул станциялардын инвестициясынын 7 миллиард лирага жеткени билдирди.
«Йени шафак» гезити «Түрк илимпозу Европа башкаруусунда» деген маалыматында Анкара университетинин медициналык факультетинин кардиология бөлүмүнүн профессору Четин Эрол Европа кардиология коомунун башкаруу кеңешинин мүчөсү болду. Профессор Эрол 56 өлкөнүн улуттук коомдорун ичине камтыган жана бул мекемелердин белгилүү оң укугуна ээ коомдун башкаруу кеңешине 13 талапкердин арасынан тандалганы белгиленген.
«Сабах» гезити «400 миң түрк аялына Германиядан айлык» деген маалыматында Германияда иштеп өлкөгө кайтып келген энелерге пенсия айлыгын бере турганы билдирилген.
«Миллийет» гезити «Балык уулаган Эрос мозаикасы табылды» деген маалыматында Адананын Йумурталык районунда арт жагында балык куйругу болгон ат үстүндө балык уулаган Эрос фигурасы сүрөттөлгөн экинчи мозаиканын табылганы билдирилген. Грек мифологиясында «Хиппокампус» деп аталган жарымы балык жарымы ат болгон жаныбардын үстүндө балык уулаган Эрос мозаикасынын дүйнөдө окшошунун болбогонун белгилеген. Өткөн жылы жасалган казууларда 10 метр квадратка жакын жерде ат үстүндө балык уулаган Эрос фигурасы сүрөттөлгөн мозаика табылган.
«Акшам» гезити «Ливерпуль түрк оюнчуну расмий түрдө билдирди» деген маалымат жарыялаган. Англия Премьер-лига группасы Байер Леверкузенде форма кийген түрк тектүү немис орто аянт оюнчусу Эмре Жан менен расмий түрдө келишим түзгөнүн жарыялаган. Клубдар өткөн ай принциптүү келишим түзгөн бирок 1 – июлда жайкы трансфер мезгилинин ачылуусун күтүшкөн. Ливерпулдун тренери Брендан Родгерс Франкфуртта төрөлгөн 20 жаштагы түрк тектүү футболчу үчүн : «Эмре абдан жөндөмдүү оюнчу. Ливерпулду тандаганы үчүн абдан бактылуумун»,- дегени жазылган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар